Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусуБаткен району 15.06.2019 19:48 На русском

Баткенде көлгө түшүп жаткан 2 жигит катары менен сууга чөгүп кетишти (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 15-июнда Баткен районунун Төрт-Гүл суу сактагычында 2 жигит сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык болжол менен саат 16:00 чамасында болгон. Анда Баткен шаарынын 1997-жылы туулган тургуну Б.А. менен Самаркандек айылынын 1999-жылы туулган тургуну С. уулу Н. сууга түшүп жатып чөгүп кетишкен. Учурда ӨКМден 15 куткаруучу аларды издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, алардын бири сууга чөгө баштаган. Ошол учурда экинчиси жардамга барып, ал дагы чөгүп кеткен.

Эртеси, 16-июнда ӨКМ Төрт-Гүл суу сактагычында сууга чөгүп кеткен 2 жигит табылгандыгын билдирди.

Маалыматка караганда, издөө иштеринин натыйжасында саат 07:35те 1999-жылы туулган С. уулу Н.нын, саат 07:55те 1997-жылы туулган А.Б.нын денелери табылган. Издөө иштерине ӨКМнен 34 куткаруучу тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×