Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 15.06.2019 14:40

Жумгалда жолдун ортосуна түшүп калган сырдуу кутучанын ээси изделип жатат (сүрөт)

Turmush -  Гүлбүбү Рысбаева белгисиз адамдардын Жумгал районунун аймагында жолго түшүп калган кутучасын кайтарып берүүнү каалайт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдады.

Гүлбүбү айымдын өзүнүн айтымында, бул кутуча туристтерге тиешелүү болушу ыктымал.

«Бул кутучаны 13-июнь күнү кечки саат 17:00 чамасында Жумгалдын Чаек айылы менен Суусамырдагы Кызыл-Ой айылынын ортосундагы жолдо кетип бара жатып таап алдык. Кутуча жолдун ортосуна түшүп калыптыр. Ал ачкыч менен ачылат экен. Менимче бул туристтердики болсо керек. Себеби биз таап алгандан кийин жолубузду улантып бара жатып, жолдон токтоп эс алганбыз. Ошол учурда эки турист мотоциклдери менен катуу ылдамдыкта өтүп кетти. Катуу ылдамдыкта өтүшкөндүктөн токтотконго жетишпей калдык. Бирөөсүнүн мотоциклинин артында дал ушундай кутуча бар экенин байкап калдым.

Мен деле чет өлкөгө көп барам, аларды түшүнөм. Себеби бул кутучада документтери болуп калса кыйналып калышат. Ошондуктан бул кутучанын ээсин тапканга жардам керек», - деди ал.

Кутучанын ээси же аны тааныгандар болсо 0704 13 96 31 номуру аркылуу байланышса болот.

Ээси табылды:

Аталган маалымат чыккандан кийин кутучанын ээси 16-июнда Ысык-Көлдөн табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Ысык-Көл районунун Темир тургуну Назира Жээнбаева билдирди.

«Биз жолдошум экөөбүз Темир айылында дүкөн иштетебиз. Бүгүн саат 12:00 чамасында 2 турист мотоцикл менен келип, соода кылышты. Андан кийин жолдошум экөө сыртта тамеки тартып туруп калышты. Мен андан мурда Turmush.kg сайтынан сырдуу кутуча тууралуу окуган болчумун. Анан эстеп кетип сыртка чыгып, аларга айтып түшүндүрө албай кыйналып жаттык. Анан иним келип калып, ага которуп берүсүн айттым. Ал анча-мынча англисче билет экен. Түшүнбөгөн жерин телефон менен которуп түшүндүрүп берди. Анан ээси аябай сүйүндү. Аты Фрэнк экен, Германиядан болорун айтты.

Өзүнүн айтымында, Жумгалдын аңгыл-дөңгүл жолдорунда кутучасы кантип түшүп калганын байкабай калган. Нарындан келип, Ысык-Көлдүн тескей жээги менен Караколго барган. Кайра күнгөй жээги менен Бишкеке кетип бара жатып биздин айылга дүкөнгө токтогон экен. Ошентип жолугуп калдык. Анан биз телефонуна Кыргызстандын сим-картасын салып бердик. Капчыгын чыгарып, акча берели деп жатканда «тим эле кой» деп алган жокпуз. Бизди кайра-кайра кучактап, ыраазычылыгын билдирип сүйүнүп жатты. Кутучада фотоаппарат, кийим-кече жана керектүү жабдыктары бар экен», - деди ал.

Ал эми кутучаны Нарындагы жолдон таап алган Гүлбүбү Рысбаеванын айтымында, ал Фрэнк менен байланышып Бишкек шаарынан бүгүн жолукмак болушту.

«Биз германиялык турист Фрэнк менен байланыштык. Учурда Бишкекке келе жатат. Келсе кутучасын берем. Мен дагы ээси табылганына сүйүнүп жатам. Себеби биринчи кезекте документтерин жоготуп, кыйналып калбасын деп кайгырдым эле», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×