Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 15.06.2019 12:06

Ошто медицина кызматкерлеринин арасында спорттук мелдештер өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 15-июнда Ош шаарында Ош облусундагы медицина кызматкерлеринин арасында спорттук мелдештер башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координаторунун орун басары Рысбек Алдашүкүровдун айтымында, бул мелдештерге Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагындагы медициналык мекемелерден 300дөн ашуун дарыгерлер катышууда.

«Алар кичи футбол, волейбол, шахмат, стол үстүндөгү теннис боюнча күч сынашат. Мелдеш кыз-келиндер жана мырзалар арасында өтөт. Иш-чаранын максаты — коомду сергек жашоого үндөө, медициналык мекемелер жана кызматкерлер арасында байланышты күчөтүү. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубоктор жана атайын дипломдор тапшырылат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×