Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусу, Нарын 15.06.2019 10:15

Нарында медицина кызматкерлеринин спорттук мелдештери өттү

Turmush -  Нарын шаарында медицина кызматкерлеринин арасында спорттук мелдештер болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 2 күнгө созулган мелдешке мырзалар жана кыз-келиндерден куралган 12 команда катышты. Алар волейбол, кичи футбол жана стол үстүндөгү теннис боюнча күч сынашты. Жеңүүчүлөр тиешелүү даражадагы дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Жалпы командалык жыйынтык:

- 1-орун – Нарын медициналык колледжинин командасы;

- 2-орун – облустук оорукананын командасы;

- 3-орун – Нарын райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун командасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×