Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 14.06.2019 19:29 На русском

Памирлик аялдар тойго кандай көйнөк кийип барышат? Кантип «шоппинг» кылышат?

Turmush -  Балдарын окутуу үчүн Улуу Памирден Кыргызстанга келип, учурда Нарын шаарында жашап жаткан 65 жаштагы Шарапат Абдыкалык кызы кийимдери тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, Памирде аялзатынын бардыгы башына жоолук салынып, тизеден ылдый келген көйнөк кийишет.

«Аялзаты кызыл түстөгү кийимдерге басым жасайт. Көйнөктөрүбүз тизеден ылдый болот. Жаш кыздардан тартып 40-45 жашка чейинки аялдар кызыл түстөгү көйнөктөрдү кийсе, 45 жаштан өтүп калгандарыбыз күрөң же күңүрт түстөгү көйнөктөрдү киебиз. Силер байкап жаткандай биз башыбызга кызыл жана ак түстөгү гана жоолук жабабыз. Кыздын турмушка чыкканын жана чыкпаганын ошол жоолуктарынан айырмалап алсак болот. Бизде кыздар 17-18 жаштан турмушка чыгып баштайт. Турмушка чыкканда эле ак жоолукка өтүшөт. Жоолуктун кездемеси жука болот. Жоолуктун ичинен “шапак” деген топуну киебиз. Бул топу балдардыкына окшошуп кетет. Балдардыкына ою салынат, кыздардыкына сайма сайылат. Ошол топунун сыртынан жоолукту төөнөгүч менен бекитип алабыз.

Силерде жоолук салынуу шарттары бир аз башкачараак экен. Сонун кылып салынып алгандарды дагы көрүп жатабыз. Келиндер, чоң эле аялдар жоолуксуз жүргөнү жаман көрүнөт экен. Аялзаты болгондон кийин башын жаап жүрүшсө жакшы болмок. Кээде үйгө келип калган кыздарга «башыңарга жоолук салынбайсыңарбы» деп айтам. Алар болсо «бизде ушундай, чачыбызды көрсөтүп эле жүрө беребиз» деп күлүп калышат», - дейт ал.

Шарапат апа кийимдерин колго эле тигип кийишерин айтты.

«Памирде аялдар кийимдерибизди өзүбүз эле тигип алабыз. Баарыбызда кол машина бар. Жакшы кездемелерден сатып келип тигип алабыз. Кээ бирөөлөр өзгөчө кылып тигип, белекке берип же малга баалап сатышат. Көйнөктүн сыртынан чыптама киебиз. Чыптамалардын өңү дагы жаш куракка жараша болот. 40-45 жаштан жогоркулар күрөң, күңүрт түстө кийсе, жаш кыздар, келиндерибиз кыпкызыл баркыттан тигилгенин кийишет. Чыптамаларга ар кандай топчу, шуруларды тигип алабыз. Кооз дагы көрүнөт, пайдалуу дагы. Көбүнчө жылтыраак көйнөктөрдү тойлорго, конокко барганда киебиз», - дейт Шарапат Абдыкалык кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×