Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 14.06.2019 17:53

Өзгөндө өсүмдүк майы өндүрүлө баштады (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунда тамак-аш жасоо үчүн колдонулган өсүмдүк майы өндүрүлө баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Май өндүрүүчү жай күнүнө 50 тонна сафлорду иштетүүгө ылайыкташкан. Ишкананын жетекчиси Бекболсун Таалайкулов сафлордон өндүрүлгөн май сапаттуу майлардын катарына кире турганын билдирди.

«Ишкана таза өсүмдүк майын өндүрүүнү колго алды. Кыргызстанга май чет өлкөдөн алынып келет. Жергиликтүү өндүрүш өнүксө өлкө арзан жана сапаттуу өсүмдүк майы менен камсыздалмак. Азыр 1 литр майды 74 сомдон сатып жатабыз. Заманбап технология менен иштейбиз. Бизди АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) колдоп, техникаларды алып берген», - деди Б.Таалайкулов.

Аталган ишкана сарымсактан дагы май өндүрүүгө ылайыкташкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×