Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 14.06.2019 11:08 На русском

Ысык-Атада карылар үйүндө 68 жаштагы Акжолтой ата менен 64 жаштагы Күлүйпа апа баш кошушту

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Серафимовка социалдык станционардык мекемесинде дарыланып жаткан Акжолтой Тынаев менен Күлүйпа Нааматова баш кошушту, деп билдирди аймактык кабарчы

Казакстандан келген 64 жаштагы Күлүйпа Нааматова бул мекемеде 3 жылдан бери дарыланып келсе, 68 жаштагы Акжолтой Тынаев ушул жылдын февраль айында келген.

«Биздин Төмөнкү Серефимовка социалдык станционардык мекемебизде күнүгө жакшы жаңылыктар болуп турат. Орозо айында Акжолтой Тынаев менен Күлүйпа Нааматова баш кошушту. Ата инсульт алган экен. Ал бизге келгенде күнүгө паркка сейилдеп чыкчу. Ошондо апабыз менен таанышып калыптыр. Экөөнүн жылдыздары келишип, апа атанын колуна дайыма укалоо жасап берип, бири-биринин маанайын көтөрүп жүрүштү. Кийин экөө баш кошуу боюнча ойлорун билдиришти. Ошентип биздин мүдүрүбүз Бактыбек Жунушовдун уруксаты менен ушул мекеменин дарыгерлери, башкы медайымдары менен акылдашып, кеңешип, Рамазан айында баш коштурдук.

Экөөнө турак жайыбыздан бир бөлмө бөлүп беришти», - деди аталган мекеменин эмгек инструктору жана маданият кызматкери Назгүл Сейталиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×