Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 13.06.2019 18:13 На русском

Жайдагы кыш. Ак-Сайга кар жаады

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүнө кар калың жаады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Калың кардын кесепетинен малдар ачка калды. Малчылардын айтымында, кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2019-жылдын июнь айынын 1-жарымындагы туруксуз аба-ырайы боюнча Нарын облусунун калкына, жарандык коргонуу кызматтарына шашылыш эскертүүлөр жеткирилген.

2019-жылдын 8-июнунан 9-июнуна караган түнү Ат-Башы районунун алыскы жайлоосу болгон Ак-Сай өрөөнүнө 10 сантиметрден 25 сантиметрге чейинки калыңдыкта кар түшүп, 9-10-июнда күндүзү кар ээрип, жер карарган. Айыл өкмөттөрдө, райондук мамлекеттик администрацияларда жана ӨКМде Ак-Сай өрөөнүндө мал-жандык кармап жаткан жарандардан кандайдыр бир жардамга муктаждык бар деген кайрылуулар болгон эмес. Ошол эле учурда жааган кар зыян алып келген эмес. Жол каттамы жабылган жок, адамдардын өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Ак-Сай өрөөнүнүн жайлоосунда болжол менен 50 түтүн эл бар, учурда мал-жандыктарга тиешелүү тоюттар жетиштүү.

Кардын жаашы Нарын облусунун Соң-Көл өрөөнүндө да катталган. Күтүлүүчү туруксуз аба-ырайы боюнча маалыматтар, шашылыш эскертүүлөр калкка өз учурунда жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

13-16-июнда Нарын облусунда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жайгашкан жайыттарда жаан карга айланышы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат райондук администрацияларга, жарандык коргонуу кызматтарына жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×