Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Талас облусу, Талас 13.06.2019 18:03

Айыл турмушу: М.Токтоназарова кийизден жасаган бут кийимдерди, баштыктарды туристтер да алып кетишет (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 41 жаштагы тургуну Махабат Токтоназарова кийизден ар кандай буюмдарды жасап сатууда. Аймактык кабарчы чебер айымдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, балалык чагы Ысык-Көлдө өткөн.

«Мен кол өнөрчүлүктү кудайдан берилген талант деп билем. Эң биринчи таенемдикине барып жүрүп үйрөнүп, кызыгып калгам. Биз коноктоп барганда бүт баарыбызга жумуш берип койчу эле. Бирибизге тар карматса, бирибизге жүн жасатып, баарыбызды жумушсуз калтырчу эмес.
Учурда өзүмдүн окуткан окуучуларым жок. Бирок бирин-экин кыздар келип, кол өнөрчүлүк үйрөтүүмдү суранып калышат. Мен өзүм дагы атайын ийрим ачып, кыз-келиндерге үйрөтсөм деген ойлор болгон. Буйруса аны ишке ашырам деген ойлорум бар.

Негизи тукумубуз менен боз үй менен иштетебиз. Өзүмдүн таенем Таласта өткөн Манастын 1000 жылдыгында боз үй жасалгалоодо 1-орунду алган. Менин чоң таякелерим комуз чаап, музыкалык аспаптарды жасайт. Биздин үй-бүлөдө башка профессия жок. Баарыбыз кол өнөрчүбүз десем болот (күлүп). Өзүм шырдак, бут кийим, эмне болсо баарын жасай берем. Мен өзүм көлдө жүрүп, таенемдин колунда чоңойгон кыз болгондуктан баарын таенемден үйрөнгөм. Жогорку окуу жайга тапшырганда кол өнөрчүлүгүм калып кеткен эле. Бирок кол өнөрчүлүксүз жашоо болбой тургандай. Кайра жандандырып, бул ишти колго алып отурам. Азыркы учурда базарда кийим оңдоочу жайды иштетип, кийим тигем. Өз алдымча кийизден тердик жасайм. Кыргыздын орнаменттерин салып, баш кийим, бут кийимдерди, босогого төшөөчү буюмдарды жасайм. Бирок материалдарын адыруу көйгөй болуп жатат. Ак койдун жүнү кыркылганча күтүп отурабыз. Ал эми учурда колдо болгон жүндөн жасап жатабыз. Жүн алуу негизги көйгөй.

Бир нерсени жасоодо өтө деле көп убакыт талап кылынбайт. Эгер жүн болсо бат эле жасап коём. Жүндү тазалап, кышы менен кийиз кылып жасайбыз. Жазга маал буюмдарды жасап сатыкка чыгара баштайбыз. Жайкы сезондо туристтер көлгө эс алганы келишет. Көлгө алып барып сатып же болбосо атайын буйрутмалар менен жасаган нерселерибизди сатыкка чыгара баштайбыз. Баалары ар кандай. Ар бир буюмдун өзүнүн баасы болот. Жүндөн жөнөкөй эле жасалган бут кийимдерди 200 сомдон өйдө сатам. Эгер мага аябай жакшы кылып жасап бер дешсе сапатына жараша баасы да ошондой болот. Бут кийимдердин эң сапаттуусу 2000 сомго чейин бааланат. Аны белекке бергенге дагы болот. Өрмөктөн куржундар мода болуп жатат. Мурда Казакстанга чейин 200-300 даанага чейин алып кетишчү. Азыр буйруса убакыт таап, кайрадан баштыктарды жасап баштайм деген пландар бар», - деди ал.

Чебер айым 1 кыз, 1 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×