Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.06.2019 17:45

Ысык-Көлдөгү Тамчы айыл аймагына түнкү чырактар орнотулду

Turmush -  Ысык-Көл районунун Тамчы айылы жайкы эс алуу мезгилине болгон даярдыктын алкагында түнкү жарык берүүчү чырактар менен камсыздалды.

Чырактар чоң жолдун жана көлгө баруучу ар бир көчөлөргө коюлду. Тамчы айыл аймагынын карамагындагы Кош-Көл жана Чырпыкты айылдарына да толугу менен коюлду. Айыл аймак башчысы Руслан Есенгуловдун маалыматында, бул эс алуучулардын жана тургундардын коопсуздугу үчүн жасалган иш.

Жайкы эс алуу мезгилинде Тамчы айыл аймагына эң көп эс алуучулар келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×