Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Баткен облусуКадамжай району 13.06.2019 17:31

Кадамжай районунда буудай оруу башталды

Turmush -  Бүгүн, 13-июнда Кадамжай районунда буудай оруу иштери башталды. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буудай быйыл өлкөдө алгачкылардан болуп Кадамжайда бышты. Түшүмдү жыйноо майрамдык маанайда башталып, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дыйкандар катышты.

Баткен облусу боюнча үрөнчүлүк 8 чарба болсо, анын бешөө Кадамжайда. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында район боюнча жазгы жана күзгү болуп 2 миң 700 гектардан ашуун жерге буудай, арпа, 2 миң 900 гектардан ашуун жерге шалы эгилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×