Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.06.2019 17:20 На русском

«Мекендештер»: Түштүк Кореяда роботтор менен чогуу иштеп, күрүч чыгарган Аслан 3 тишин 3500 долларга дарылаткан

Аслан Ибраев
Аслан Ибраев
// Turmush

Turmush -  Ысык-көл облусунун Ысык-көл районунун Чырпыкты айылынын 22 жаштагы тургуну Аслан Ибраев Түштүк Кореянын Намьянг шаарында иштеп жатат. Анын бул жерде жүргөнүнө 3,5 жылдын жүзү болду.

«2015-жылы К.Тыныстанов орто мектебин бүткөндөн кийин Кореяга тааныш байке чакырып калды. «Бирок кандай болот белгисиз, виза ачып кой» деди. «Ачылып калса келе бересиң» дегенинен визага документ тапшырып койдум. Кайсы окуу жайга барсам деген ойлор келип жаткан маалда Кореядан виза ачылды деп кабар келип, 2015-жылы эле учуп кеттим.

Кореяга келгенден кийин аябай кыйын болду. Анткени, биринчиден тамак-ашы аябай ачуу, нан, этти аз жешет экен. 1-2 ай кыйналдым. Бир байке менен таанышып калып, аны менен 2 күн шаарда күрүч заводдо иштедим. Ал жерден 2 күндүк акчаны алып кете бердик. Жумуш аз болуп жатат, балыкка иште деп калды. Айла жок балыкка иштедим. Жол киремди дагы акташ керек эле. Аябай оор жумуш экен, андан дагы чыгып кеттим. Кайра Намьянг деген шаардагы чоң күрүч заводго кирдим.

Заводго келгенде 1,5 жыл оор жүк ташуучу унаалар менен иштедик, күрүч ташыдык. Тилди өздөштүрүп, көнүп калгандан кийин ушул эле заводдо жакшы орунга отурдум. Учурда заводду мен карайм. Завод чоң, күнүгө 30-40 тонна күрүч чыгат. Сезон убагында 80-90 тоннага чейин чыгарабыз. Башында 4 адам иштечүбүз, заводду мен карап калгандан бери 2 адамга азайып, 2 адам иштеп калдык. Баарына жетишип жатабыз. Себеби, роботтор иштейт. Бир жылда 100 000 тонна күрүч чыгарабыз. Заводдун ичиндеги 90% жумушту мен кылам. Эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 18:00гө чейин иштейбиз.

Башында айлыгыбызды бир байке аркылуу алып жүрдүк. Анда тааныш жок болчу. Ошол байке Кыргызстанга бир-эки жолу акчамды которуп берди. Бир-эки айлыгымды аталган адамга алдыртып койдум. Азыркы убакка чейин бере элек, акчабызды ала албай жүрөбүз», - деди ал.

Мекендешибиз беш бир туугандын экинчиси. Эки жылдын ичинде үйлөнөм деген планы бар.

«Мени таң калтырганы адамдары жөнөкөй, ак көңүл, мүнөзү жумшак келишет. Экинчиден, аябай эмгекчил болушат. Жумуш деп гана турушат. Жумуш болбосо жашоосу өтпөй калчудай.

Жаңы келгенде аэропорттон тосуп алчу адамды 4 саат күтүп, чарчап калгам. Метродон да адашкан күндөр көп болду. Эсимде калганы балыкка чыккан күнү кыйналып, кечинде качып кеткем. Бул жерде иштеп жүргөндө сүйлөшкөн кызымдын ата-энеси менен байланышып, кызын алууга макулдугун алгам. Андан кийин ата-энем барып сөйкө салышты. Ошондо аябай толкундангам. Сүйлөшкөн кызыма кудай буюрса 2 жылдын ичинде үйлөнсөм деген жакшы оюм бар.

Түштүк Кореяда бардык нерсе кымбат экен. Былтыр тишим ооруп, тиш доктурга бардым. 3 тишимди дарылатып бүткөн соң, «баасы канча болот?» десем, 3500 доллар дешкен. Аябай таң калгам. Мен болсо 1500 доллар болот го деп ойлогом.

Иштеп, ата-энеме, бир туугандарыма жардам берип жатам. Бош убактымда машыгуу залына барам. Келечекке максатым — кырсыктан алыс болуп, мекениме аман-эсен барып, жакындарым менен бирге дасторкондо отурсам дейм. Андан кийин ишкерлик менен алектенем деген тилегим бар.

Кыргызстандын эртерээк өнүгүүсүн каалайм. Азыр көптөгөн мекендештерибиз жумушсуздуктун айынан чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Кандай болбосун өзүбүздүн мекенибизге эч нерсе жетпейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×