Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Талас облусу, Талас 13.06.2019 16:51 На русском

Өзгөчө ысым К.Курманалиева жаңы турмушка чыкканда атын жолдошу зорго жаттаган

Turmush -  Таласта шаарынын 42 жаштагы тургуну Космира Курманалиева жаңы келин болуп келгенде жолдошу атын жаттай албай кыйналган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Түйтө айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча бухгалтер. 1993-жылы Жоон-Арык айылына келин болгон.

«Менин атымды атамдын бир тууган агасы койгон. Атымдын чечмеленишин билбейм. Бирок өзүм «космосто тынчтык болсун деп койгонсуңарбы?» деп коём. Туугандарымдын айтуусунда, СССР учурунда атайын журналдар болчу экен. Ошол журналдарда толтура аттар болгон. Атамдын агасы журналдан аттарды карап, Космира деген ат жагып калыптыр. Ошондон улам атым ушундай аталып калган.

Менин атымды сураган адам ишенбей, кайра сурап калышат. «Чын эле ушундайбы?» деп таң калгандар болот. Жаңы турмушка чыкканда жолдошум менин атымды жаттай албай кыйналган болчу. «Досмира, Осмира» деп зорго жаттаган. Кайын энем Коськоу деп койчу. Кайын атам өз атымдан атачу. Абысындар, жеңелер дагы атымды ар кандай айтышып, аягында «Мира деп эле коёлучу» дешсе макул деп койчумун. Өзүмдүн атам менен апам Коська деп айтышчу», - деди ал.

Космира айым 1 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×