Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ош облусу, Ош 13.06.2019 16:39 На русском

Ошто таенесинин үйүнө эс алууга барган баланын денеси каналдан табылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында 6 жаштагы бала жоголуп, анын денеси 1 жумадан кийин каналдан табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга каза болгон баланын жакындары билдиришти.

Ушул жылдын 27-майында болжол менен саат 17:00 чамасында Кулатов кичи районундагы көчөдө ойноп жүргөн 6 жаштагы Н.М. дайынсыз жоголгон. Аны издөө үчүн жоголгон баланын туугандары милицияга кайрылышкан.

Анын негизинде Кулатов кичи районунан суу агып өткөн канал тосулуп, 2 ирет издөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок бала табылган эмес. Үчүнчү ирет издөө иштерин жүргүзүшкөндө гана, тактап айтканда 3-июнь күнү баланын денесин жоголду делген жерден 3 чакырым алыстан табышкан.

Маалыматка караганда, каза болгон бала таенесинин үйүнө эс алууга келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×