Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 13.06.2019 16:35

Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылындагы мурунку китепкана оңдолууда

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы мурунку китепкана оңдолуп жаткандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Союз учурунда айылдык маданият үйүнүн имаратынын ичинде айылдык китепкана жайгашкан. Кийин союз тараган соң имарат эскирип, ичинде жылуулук системасы жок болгондуктан китепкана айыл өкмөттүн кеңсесине көчүрүлгөн.

Учурда «Бир адамдан бир китеп» долбоорун колдоо максатында айыл жаштары, жергиликтүү тургундар тарабынан китептер чогултулууда.

«Айыл өкмөттүн кеңсесинде китепкана болуп турган бөлмө тар болгондуктан мурунку китепкананы оңдоп-түзөө иштери колго алынууда. Оңдоо иштерин айыл өкмөттө иштеген кызматкерлер жүргүзүүдө», - деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×