Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Нарын облусуКочкор району 13.06.2019 16:26

Кочкордун Үкөк жайлоосунда бала бакча ачылды

Turmush -  Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагындагы Үкөк жайлоосунда бала бакча уюштурулуп, кызыл тасмасы кесилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Анын ачылыш аземине Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, орун басары Элмира Садыкова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улан Өзүбеков катышып, балдарга жомок китеп жана усулдук колдонмолорду белекке беришти. Бала бакчадагы тарбиялануучулар концерттик программасын тартуулап, патриоттук ырларды ырдашты.

Кара-Саз айылындагы «Ата» бала бакчасынын жамааты 3 сааттык программа менен 23 балага тарбия беришет.

«Биз быйылкы жылы биринчи жолу жайлоодогу балдарга тарбия берүүдөбүз. Учурда 3 сааттык программа менен 14 жашка чейинки 23 баланы кабыл алып, жашына карап жомок окуп, улуттук оюндарды, оригами, патриоттук ырларды үйрөтүүдөбүз. Балдар жакшы кабыл алып, күнүгө кызыгуу менен келишет. Бала бакчада боз үй болбогондуктан жайыт комитети боз үй менен камсыз кылып, көчүп-конууга да акча каражатын бөлүп берди», - деди «Ата» бала бакчасынын жетекчиси Айгүл Абдырахманова.

Ал эми жайлоодогу чабандар жайлоо бала бакчасын кубануу менен кабыл алууда.

«Жайлоо бала бакчасынын уюшулганы жакшы болду. Анткени бул жактан 14 жашка чейинки балдарыбыз да барып, ар кандай нерселерди жасоону үйрөнүшүүдө. Балдардын өз колу менен жасап үйрөнгөнү мээсинин өрчүүсүнө жакшы болот эмеспи. Биз үй тиричилигин бүтүргөнгө чейин алар бала бакчада болуп, санаабыз тынч болууда. Убактысын мындан да узартып берүүнү суранат элек», - дейт ата-энелер.

Кочкор районунда эми дагы 4 жайлоо бала бакчасы ачылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×