Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 13.06.2019 15:47 На русском

Данияр Сатаров Түп районунун акиминин орун басары болду

Turmush -  Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматына Сатаров Данияр Сатарович дайындалды. Тиешелүү буйрукка 10-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Сатаров Түп райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп иштеп турган.

Түп райондук мамлекеттик администрациясынын кичи залында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Д.Моңолдоров райондун активине Сатаров Данияр Сатаровичти тааныштырды. Аким Э.Жантаев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Алдаяров, Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кайыков Д.Сатаровду жаңы кызмат орду менен куттукташып, ишине ийгилик каалашты.

Ал эми акимдин мурунку биринчи орун басары Ситчихин Валерий Петровичти Түп районунда, Ысык-Көл облусунда жетекчилик кызматта көп жыл үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн «Түп районунун ардактуу атуулу» наамын берип узатышты. Өз кезегинде В.Ситчихин Д.Сатаровду куттуктап, ийгилик каалады.

Өмүр баяны:

Сатаров Данияр Сатарович 1988-жылы туулган. Ал эмгек жолун К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин аяктап, мугалим кесибине ээ болгондон кийин Түп райондук мамлекеттик администрациясынын жалпы бөлүмүндө адис болуп иштөөдөн баштаган.

- 2012-жылы Түп райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн адиси;

- 2012-2015-жылдары Түп райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси;

- 2015-жылы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу;

- 2015-2017-жылдары Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы;

- 2017-2018-жылдары Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;

- 2018-жылдан азыркы мезгилге чейин Түп райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп үзүрлүү эмгектенип келген.

Сатаров Данияр Сатарович ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын ардак грамотасы, Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Кыргыз Республикасынын премьер-министринин ыраазычылык каты менен сыйланган.

Мамлекеттик кызматтын III класстагы инспектору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×