Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Баткен облусуКадамжай району 13.06.2019 15:42

Кадамжай районунда кичи футбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  11-июнда Кадамжай районунда кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдеш эрежесиз эр таймаш дүйнөлүк чемпионатта 2-орунду багындырган Чынтемир Аширалиевдин урматына уюштурулду. Спорттук мелдешти өткөрүү Чынтемир Аширалиевдин классташтары тарабынан демилгеленген. Анда 10го жакын команда ат салышты.

Жыйынтыгында алдыңкы орунду багындырган командалар акчалай сыйлыктарга жана баалуу белектерге ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×