Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ош облусу, Ош 13.06.2019 15:25 На русском

Ошто күйөө бала кайын эжесин сөгүп, үстүнө казанда кайнап жаткан шорпону төгүп салган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында Артем (аты өзгөртүлдү, К.А.А.) аттуу жаран өзүнүн кайын эжесинин үстүнө кайнап жаткан шорпону төгүп салган. Аталган факт боюнча козголгон кылмыш иши сотко чейин жетип, бирок эки тарап жарашып алганына байланыштуу иш өндүрүштөн кыскартылган. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу — Артем 1968-жылы туулган. Мурда соттолгон эмес, эч жерде иштебейт. Ага Жазык кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) негизинде айып тагылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө ушул жылдын 8-апрелинде саат 18:00 чамасында Артем өзүнүн кайын энесинин үйүндө жүрүп, үй-бүлөлүк чырдан улам Мария (аты өзгөртүлдү, М.А.) аттуу кайын эжесин ыпылас сөздөр менен сөгүп, түрткөндүгү аныкталган. Андан тышкары билип туруп казанда кайнап жаткан шорпону Мариянын үстүнө төгүп салган. Андан кийин качып кеткен.

Сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ал окуя болгон күнү үй-бүлөсү менен спирт ичимдигин ичишкенин, андан кийин кайын эжеси экөөнүн ортосунда жаңжал чыкканын билдирди. Бирок ал шорпо эмес, ичинде кайнап жаткан суусу бар чайнекти коңторуп салганын айткан.

Ал эми жабырлануучу Мария үйгө кирип уктап жаткан Артемду көргөнүн билдирди. Мария күйөө баласын ойготуп, эч жерде иштебей, үйгө акча таап келбегенин айтып, андан үйдөн кетүүнү талап кылган. Мария Артемго аны алардын апасы багып жатканын айтып, күйөө баласы менен урушканын билдирди. Ошол учурда Артем анын үстүнө казанда кайнап жаткан шорпону төгүп салган.

Сотто жактоочу эки тараптын элдешкенин тастыктаган макулдашуусун көрсөтүп, судьядан айыпталуучуга карата козголгон кылмыш ишти өндүрүштөн кыскартууну суранган.

Жыйынтыгында 6-июнь күнү Ош шаардык соту жактоочунун суранычын канааттандырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×