Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Талас облусу, Талас 13.06.2019 14:48 На русском

Таластагы ишкер мэрге кол салдыбы? Окуянын чоо-жайы. Сүрөт

Turmush -  10-июнда Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбековго кол салган адам 2 күн камакка отуруп чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына милициядагы өздүк булактар билдиришти.

Ал эми мэрдин өзүнүн айтымында, аны урган адам унаасынын да айнегин талкалап салды.

«Ал күнү шаар тургундары мага телефон чалып, мыйзамсыз көмүр төгүлүп жатканын билдиришти. Мен ал жерге балдарды жибердим. Бир убакта алардан мага телефон чалуу келди. Алар дагы көмүр түшүргөндөр укпай жатышкандыгын айтышты. Ал жерге, тактап айтканда Оторбаев көчөсүндөгү №179 дарегине барууга туура келди. Сураштырып жатып, көмүрдүн төгүлүшүнө ким тарабынан уруксат алынгандыгын тактап билдим. Алар болжол менен 12-февралда премьер-министрге кат жолдошкон. «Биз 2 жолу губернаторго, бир нече жолу мэрге кайрылдык» деп жатышкан. Эч тыянак чыкпагандыктан сотко кайрылууга туура келди. 2018-жылы күзүндө чыгарылган соттун чечимин жокко чыгарып салышкан. Андан соң биз бул көмүр сатуучуларга февралдын этегинде, марттын башында ижарага 30 сотых жер бөлүп бергенбиз. Бирок бөлүнгөн жерге барышкан жок. Тескерисинче өзүм билемдик кылышып, мурунку эле жерге 5 «КамАЗ», тактап айтканда 100 тонна көмүр төгүп салышты.

Мен баргандан кийин көмүрдүн М. аттуу ээси кеп-сөзгө келбей, колуна таш алып мени урууга аракет кылды. Ал таш ыргытканда мага эмес, менин унаама тийди. Унаамдын айнеги сынып калды. Мен эки жакты караганча байкатпай муштум менен урду. Ким кабарлаганын билбейм, көп өтпөй милициялар келип калышты. Алар М.ди алып кетишти. Ал эми ден соолугума эч кандай залал келтирген жок. Бирок элдин көзүнчө ушундай жорук жасаганы моралдык жактан мен үчүн оор болду», - деди мэр.

Ишкерге кандай чара көрүлдү?

Кийин 18-июнда Талас ОИИБден Айдар Жузупбековго кол салган адам 2 айга үй камагына алынгандыгын билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя тууралуу мэр өзү арыз жазып билдирген. Талас шаарынын 1962-жылы туулган тургуну мыйзамга баш ийбестен мэрдин унаасынын айнегин таш менен сындырган. Жаман сөздөр менен сөгүп, бетке уруп жиберген. Аталган факты боюнча Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, бейбаштык беренеси менен иш козголгон. Ошол эле күнү мэрге кол салууга айыпталган адам милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок шаардык сотто үй камагына чыгарылган.

Талас облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту боюнча (төлөм документтеринин жасалмасы) шектүү катары М.Ч. кармалган. Анын кармалгандыгынын мыйзамдуулугун жана бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө Талас шаардык прокуратурасынын токтому каралды. Жыйынтыгында Талас шаардык сотунун 12-июнундагы токтому менен М.Ч.нын кармалгандыгы мыйзамдуу деп табылып, 2 айга (10-августка чейин) үй камагына алынган. Бул чечим боюнча Талас шаардык прокуратурасынын апелляциялык сунушунун келтирген. Аталган иш облустук сотто каралып, анда шаардык соттун 12-июндагы токтомун (үй камагында калтыруу боюнча) өзгөртүүсүз калтырды.

Көмүрчү ишкердин буга чейинки «чыры»:

Буга чейин 2018-жылдын октябрь айында Талас шаарынын 100 жаштагы тургуну, согуштун ардагери Шаабай Шатманов мыйзамсыз курулуш тургузган кошунасынын үстүнөн даттанган болчу.

Аксакалдын айтымында, Талас шаарындагы Жоробек Койчукулов атындагы көчөдө жашайт.

«Мен көп жылдан бери Талас шаарында жашайм. Үй-жайым, бала-чакам баары ушул жерде. Бул ишкер коңшу болуп келген. Соодагерлер болуш керек. Бирок башкаларга зыянын тийгизбесин. Ал мыйзамсыз курулуш тургузуп, чоң тосмо менен үйүн курчап, бизге суу өткөн арыкты жаап салды. Чарбактагы жашылчанын баары куурап калды. Картошкадан дагы түшүм жок. Шаар деген көгөрүп турушу керек. Тиешелүү жактар бир чара көрсө дейм. Бизге суубузду чыгарып берсе», - деген болчу аксакал.

Бул ишкердин жанындагы үйдө жашаган кошунасы Бактыгүл Тайтакованын айтымында, алар көмүр сатып, башкаларга ыңгайсыздык жаратып жаткандыгын айткан.

«Мен А.Оторбаев атындагы көчөдөгү 177-үйдө жашайм. Ошол жерде бизге жаңы М.Ч. аттуу кошуна көчүп келген. Үйүбүздүн ортосун курчалган тосмо эле бөлүп турат. 2 жыл болду, бул кишилер үйүнөн көмүр саткандыктан баш аламан. Үйүбүзгө көмүрдү чаңынан кир жайбайбыз. Кечке тынчтык жок, неберелерибизди көчөгө чыгарбай отурабыз. Күнүнө чоң «Хово», «КамАЗдар» менен көмүр түшүрөт. Чаңы үйдүн ичине чейин кирип, бөлмөлөр идиштер, капкара чаң болуп калат. Ошонун айынан жанындагы «Байэл» аттуу кафе дагы жабылып калды. Идиштери, ичи кара чаң болуп, кардарлар келбей калган. Ал кошунабыз дагы ыйлап жүрөт. Канча айтып жатабыз, мэрияга күндө барабыз. Март айынан бери эле көчөт деп айтып коюшат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч натыйжа болгон жок. Экотехинспекция, мэрия, милиция келсе да жаман сөздөр менен айдап чыгышат», - деген ал.

Аталган ишкер М.Ч.нын баласы Н.М. көмүр түшүргөндө кышында чаң болбой тургандыгын айткан.

«Кызыл сызыкта мыйзамдуу иш жүрүп жатат. Ал эми бул бастырма боюнча архитектурага кайрылганбыз. Жаздан бери документин мыйзамдуу кыла албай жатабыз. Мэрия бөлгөн жерге биз биринчилерден болуп бара албайбыз. 5 ишкер көчүп барсын, алтынчы болуп барабыз. Ал жакта шарт жок. Мэрия шарт түзүп берсе барабыз. Көмүр кышта чаңдабайт, жайында чаңдайт. Жайында биз көмүр сатпайбыз. Биз тараптан эч кимге жаман сөз айтып, уруп койгон учур болгон эмес», - деген ал.

Талас шаарынын вице-мэри Дамирбек Курманалиев бул ишкерге көчүү керектиги жөнүндө эскертүүлөр берилгендигин билдирген.

«Бул ишкерге биз жаз айларынан баштап көч деп айтып келебиз. 30дан ашык эскертүү берилди. Мэрия тарабынан көмүр сатуучу ишкерлерге шаардан атайын жер бөлүнүп берилген. Мэрия ал жердин тазалыгын жана жарыктандырууну камсыздайт. Эми бул ишкерге көчүү үчүн жыйналууга 20 күн мөөнөт берилген», - деген ал.

Экологиялык жана техникалык инспекциянын Талас аймактык башкармалыгынын инспектору Фархад Ашыралиев ишкердин көмүр сакталып туруучу бастырма курууга эч кандай уруксат кагаздары жок экендигин кабарлаган.

«Бизге Талас шаарына караштуу А.Оторбаев көчөсүндөгү 179-үйдө көмүр жана бышкан кыштарды сатуу боюнча мэрияга арыз түшкөн экен. Мэрия бизге кат менен кайрылган. Ал жерде коңшулары көмүрдүн чаңына нааразы болушкан. Мүлктөрү зыян тартып жатканын айтышкан. Биз жеринен текшерүүгө алып, ал жерди ченегенбиз. Аталган үйдүн ээлери үйүнүн астында жашаган кошунасынын үйүнө суу өткөн арыкты жаап, пайдубал куюп, бастырма орнотуп койгон экен. Жеринен текшерүүгө алганда ал жерди ашыкча ээлеп алганы аныкталды. Алардын эч кандай капиталдык курулушка кагаздары жок. Өз алдынча курулганы аныкталды. Биз анын негизинде Талас шаардык сотуна кайрылуу жазып, материалдарды өткөргөнбүз. Бул иш 12-октябрда каралып, жыйынтыгында объекти алгачкы калыбына келтирилсин жана 10 миң сом административдик айып салынуу туура деп табылган», - деген Ашыралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×