Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Нарын облусуЖумгал району 13.06.2019 11:41 На русском

Мечитке деп, сейил бакта клей жыттагандар... Жумгалда кечкисин ичкилик сатууга тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн жыйындар залында ичкиликтин алдын алуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Алтай Муталиев Тurmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Жыйында кечкисин ичкилик сатууга тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү. Аны менен катар мечитке кеттим деп ата-энелерине айтып, бирок сейил бакта клей жыттаган балдардын маселеси айтылды.

«Мектеп окуучулары кечки намазга баруусу шарт эмес. Шарият кайсы мамлекеттин жараны болсок, ошол мамлекеттин мыйзамдарына баш ийүүгө үндөйт. Шариятта жашы жете элек балдар мечитке барышы керек деген жок. Балакатка жеткендер, 17-18 жаштан өткөндөр кечки намаздарга барса уруксат. Ата-энесине мечитке кеттим деп айтып, кечинде көчөдө ойноп же сейил бакта клей жыттап жүргөндөр бар. Кечки намаз саат 22:30да аяктайт.

Урматтуу ата-энелер, балдарыңарды кечки намазга жөнөтпөй эле койсоңуздар. Бул жерде ата-эне да, мугалимдер да күнөөкөр болбойт. Түшкү саат 13:30да мектепте сабак болсо, мугалим уруксат бербесе, мугалим күнөөкөр болбойт. Билим ала турган убакыттын мечитке арналышына жол берилбейт. Ошондуктан балага ар бириңиздер көз салып туруңуздар», - деди имам.

Р.Сейталиев сөзүн улап: «Бүгүнкү күндө бизде террористтер деген көчөдө басып жүрөт. Арак саткандардын баары террорист. Ошол спирт ичимдигин саткандардын арагын ичип мушташып, бирин-бири өлтүрүп, уурулукка барып жатат. Арак ичип алып канчалаган күнөөгө батып жатышат. Пайгамбарыбыз ичкилик бардык күнөөлөрдүн тамыры деген. Ошол ичкилик бар жерде бардык күнөөлөр тирилет, ичкилик бардык күнөөлөрдү жаратат. Аракты кечки саат 20:00дөн кийин саттырбай койсо, соодагерлер сатпай койсо ушунун баары тыйылат эле. Мейли саат 20:00гө чейин сатсын, алар да өздөрүнүн тиричилигин кылсын. Бирок шарият ага да каршы. Бир чара колдонбосок, мунун кесепети бардыгына тийип жатат», - деди.

Бул жыйынга райондук бийликтин өкүлдөрү, эне-баланы коргоо бөлүмү, социалдык адистер, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, салык кызматынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×