Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ноокат 13.06.2019 11:28 На русском

Ноокат шаарында жаңы мектеп, ФАП жана көпүрө курулат, - депутат Т.Зулпукаров

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров (КСДП) Ноокат шаарындагы бузулуп, кайра курулбай жаткан көпүрөнүн абалын жеринде көрүп, аны кайра куруу маселесин чечүүгө жардам берди. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясынан билдиришти.

Ноокат шаарындагы Кара-Турпак кварталынын Жами көчөсүндө жайгашкан көпүрө 1977-жылы ашар жолу менен курулган. 2018-жылы күз айларында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, эскилиги жеткен көпүрөнү агызып кеткен. Мэрия ошол эле жылдын 20-ноябрында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Транспорт жана жолдор министрлигине аталган меселе боюнча кат жолдогон. Ошондой эле ЖКнын депутаты Төрөбай Зулпукаровго да кайрылышкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинен көпүрө алардын балансында эместигин айтышып, «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамдын 7-беренесине (Муниципалдык жолдор) ылайык аталган көпүрөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз каражатына калыбына келтириши керектигин билдиришкен.

Көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн шаардык мэриянын бюджетинде каражат жетишсиз болгондуктан, курулуш иштери ушул убакка чейин башталган эмес. Анткени жаңы салына турган көпүрөнүн сметалык баасы 3 млн сомго бааланган. Жергиликтүү бийлик ал каражатка шаардын Бостон кварталында мектеп курууну көздөгөн. Себеби ал жердеги окуучулар Ош—Исфана унаа жолу аркылуу 5 чакырым алыс жайгашкан Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү мектепке каттап окушат. Ошондуктан унаа жолдон өтүүдө окуучулардын өмүрүнө коркунуч жаралган. Андан тышкары кыш мезгилинде башталгыч класстын окуучулары алыс жайгашкан мектепке баруудан кыйналышкан.

«Төрөбай Зулпукаров иш сапары менен Ноокат шаарына келгенде биздин көйгөйдү жеринде чечип берди. Мектепке делген каражатка көпүрө курула турган болду. Ал эми Бостон кварталындагы 100 орундуу мектептин жана ошол эле кварталдагы ФАПтын курулушуна кетчү каражатты депутат өз мойнуна алды. Учурда Төрөбай Зулпукаров сырттан инвестор таап, чет өлкөлүк кайрымдуулук фонду менен бирге мектептин жана ФАПтын долбоорлору даярдалды. Жумуштар 10 күндүн ичинде башталат. Көпүрөнүн курулушу дагы башталганы жатат. Төрөбай Зулпукаров буга чейин демөөрчүлөрдү таап, шаардын Кара-Турпак кварталына 9 млн сомго үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун курдуруп берген. Учурда анын курулуш иштери аяктап калды», - деп айтылат Ноокат шаардык мэриясынын маалыматында.

Ал эми Төрөбай Зулпукаров ар бир депутат аймактардагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бериши керек деген пикирин билдирди.

«Ноокат шаарына иш сапарым менен барганда тургундар көпүрөнү оңдоп берүүнү суранышты. Элдин талабын инвесторлордун жардамы менен чечип жатабыз. Элет оңолмоюн өлкө оңолбойт. Мамлекеттин гүлдөп, өнүгүүсү үчүн айыл тургундарынын жашоосун жакшыртышыбыз зарыл. Мектептин курулушуна бөлүнгөн каражатка көпүрө салууну сунуштадым. Ал эми мектеп менен ФАПты курууга инвестор табылды», - деди Т.Зулпукаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×