Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 13.06.2019 09:21

Баткенде чет өлкөгө 30 тонна дизель майын мыйзамсыз ташып бара жаткан унаалар кармалды

Turmush -  10-июнда Лейлек районунда мыйзамсыз түрдө дизель майларын ташып келе жаткан унаалар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Финансы полициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү УКМК кызматкерлери менен биргеликте Баткенде рейд өткөргөн. Анын жүрүшүндө Лейлек районунда «КамАЗ» үлгүсүндөгү 2 унаа кармалган. Алар Кыргызстандан Тажикстанга 30 тонна дизель майын ташып бара жаткан. Кармалган унаалар айып аянтына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×