Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Чүй облусуСокулук району 13.06.2019 08:11

«Тагдыр»: Ш.Элебесовдун жубайы жүрөгүнүн эки клапанын алмаштырган кийин кыймылдабай калган

Turmush -  Шахтыбек Элебесов 10 жылдан бери келинчеги Калаабүбү Качкынбаеванын оорусу менен алышып келет. Ал буга чейин Жумгал районунун Миң-Куш айылында үй-бүлөсү менен жашачу. Аялы Калаабүбү Качкынбаева жүрөгүнөн операция болуп, колдору кыймылдабай, буттары баспай калганда Чүй облусуна көчүп келүүгө аргасыз болгон.

Учурда Шахтыбек Элебесов Сокулук районунда жашап, уйчу болуп иштеп жатат.

«Келинчегим Жумгал районунан болот, 60 жашта. Экөөбүз Миң-Куштагы заводдо иштеп жүрүп таанышып, 1979-жылы баш кошконбуз. 2 эркек, 1 кызыбыз бар. Алар учурда үйлөнүп-жайланып, өз жашоолору менен. Кичүү уул-келинибиз колубузда. Жубайымдын оорусу менен 10 жылдан бери алышып келе жатабыз. Жүрөгүнүн 2 клапаны алмаштырылган. Ошондон кийин эле 1 жылдан соң сол жагынан инсульт алды. Бирок анда басып, сүйлөчү. Андан кийин оң жагы да иштебей калды. Барбаган оорукана, табыптарыбыз калбады. Күчтүү дарыгерлерге алып барсак, алар «нейротерапияны көтөрө албайт. Жүрөгүнүн клапаны алмашкан турбайбы» дешти», - деди ал.

Калаабүбү Качкынбаеванын көзүнүн көрүүсү жана кулагынын угуусу жакшы.

«Азыр баспайт, сүйлөбөйт, эки колу кыймылдабайт, тамакты кол менен беребиз. Тамакты отуруп да иче албайт. Буга чейин жакшы болчу. Жүрөгүнөн клапан алмашкандан кийин эле бирде каны коюлап, бирде суюлуп, минтип оорукчан болуп калды. Бирок көзү көрүп, кулагы угат. Бир нерсени кол менен жаңсап түшүндүрөт. Укалоо кылууга да болбойт. Чет жерден дарылаталы десек жайынтыгы кандай болот, ким билет? Бирок ал жакка барууга деле каражат жок.

Өзүм болсо үйдө уй кайтарып акча табам. Аялымды келиним, уулум үчөөлөп карайбыз. Мурун Миң-Кушта жашачубуз. Кийин абасы жакпай бул жакка көчүп келгенбиз. Учурда Сокулук районунда турабыз», - деди Элебесов Шахтыбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×