Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ош облусуАраван району 12.06.2019 17:38

Араванда жашылча-жемиш сактоочу логистикалык борбор ачылды (сүрөт)

Turmush -  Араван районунун Чек-Абад айылында жашылча-жемиш сактоочу логистикалык борбор ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Логистикалык борбордун ачылышына вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, тургундар катышкан.

«Аталган жай экспорттун көлөмүн жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле дыйкандардын продукциясын тийиштүү баада сатууга мүмкүнчүлүк берет», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×