Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Талас облусу, Талас 12.06.2019 17:22

Айыл турмушу: Жумакан апа бала кезинен эле ар түркүн гүлдөрдү өстүрөт (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 67 жаштагы тургуну Оморалиева Жумакан апа бала күнүнөн ар түркүн гүлдөрдү өстүрүп келет. Аймактагы кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 1952-жылы Талас районунун Конезавод айылында төрөлгөн.

«Өзүм гүлдөргө бала күнүмдөн эле кызыгам. Мектепте окуп жүргөндө жакшы гүлдөрдү таап, алардын көчөттөрүн чогултуп келчүмүн. Апам, жеңелерим мени колу жеңил деп айтып калышчу. Анткени кээ бир колу оор адамдардын колунан бардык шарты бар болуп турса дагы гүл жакшы өспөй коёт. Гүлдөр жаш баладай назик болушат. Ар бирине өзгөчө көңүл буруш керек. Ар бир аткан таңда гүлдөрүм буруксуган жыпар жыттары менен жакшы маанай тартуулап турат. Быйыл гүлдөрдүн өсүшү өткөн жылдагыдан өтө начар. Анткени аба ырайы гүлдүн өсүшүнө көп таасирин тийгизет. Жаз алдында кээ бир гүлдөрүм куурап калды. Аларды көрүп кейип, канча күн бушайман болуп жүрдүм.

Азыр менде роза гүлүнүн түрдүү өңү бар. Өзүм дагы көп гүлдөрдүн ичинен роза гүлүн жактырам. Себеби ал май айынын этегинен тартып, кеч күзгө чейин гүлдөп турат. Роза гүлүн жакшы өстүрүш үчүн анын тамырына көбүрөөк көңүл буруу керек. Анан дагы гүлдөп бүткөндөн соң куурап калган баштарын сындырып алып салса кайра гүлдөшүнө чоң күч болот. Быйыл роза гүлүнө суроолор көп болду. «Көчөт жасап берсеңиз 500 сомдон алат элек» деп айтып жатышты. Бирок антип сатып көрө элекмин. Буйруса ушул күздө роза гүлүнүн калемчелерин өңдөрү менен бөлүштүрүп сатсамбы деп турам. Муну дагы кеч күздө сабактарын кесип алып, челектерге отургузабыз. Жазында шыр эле жерге отургуза койсо болбойт. Гүл үйдүн жылуулугуна көнүп алган соң сыртта жаздын муздак абасына туруштук бере албай, күчүн жоготуп коёт. Ошол үчүн күнүгө күндүз эшикке чыгарып, кечинде үйгө киргизип, 1 жумага жакын аба ырайына көндүрүү керек.

Бөлмө гүлдөрүм абдан көп. Аларга кошо лимон дагы өстүрөм. Лимондон кыям жасап же балга аралаштырып койсоң сасык тумоого каршы жакшы жардам берет», - деди ал.

Жумакан апа 6 бала, 14 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×