Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Нарын облусу, Нарын 12.06.2019 17:11 На русском

«Бир жаман нерсеңер бар экен...»: 36 кышты өткөргөн Гүлниса 11 бала төрөп, сегизин жерге берген

Turmush -  Балдарын окутуу максатында Улуу Памирден Нарын шаарына үй-бүлөсү менен келген Гүлниса Тилеберди кызы ушул жылдын 24-февралында уулдуу болгон. Буга чейин ал 10 бала төрөп, 8 баласынан айрылып калган. Ал: «Эгерде Памирде Кыргызстандагыдай шарттар болсо, балким балдарым аман калар беле», - дейт.

«Биз үй-бүлөбүз менен Кыргызстанга эки жыл мурун келгенбиз. Бул жактан балдарыбызды окутуп, билим берип жатышат. Уулум менен кызым тамга таанып, окуп калышты. Абдан сүйүнүп жатабыз. Мектепти аяктагандан кийин билим алуусун улантышса дейбиз. Себеби, бул жактагы билимдүү жаштарды көрүп, биздин балдар да ошолордой болушса деп тилек кылабыз. Бул жерде шарттар жакшы экен. Каалаган мектепте, каалаган окуу жайда окутушат, жада калса кичинекей балдарды дагы бала бакчага беришет экен. Памирде кайдагы бала бакча, мектеп болсун. Балдарыбызды өзүбүз эле үйдө багабыз. Чоңоюп калган балдарыбызды бир мугалимге жиберебиз. Ал Куран окуганды үйрөтөт. Өзүбүз эртели-кеч мал, үй оокаттары менен эле алек болобуз», - деди Гүлниса.

36 жаштагы Гүлниса Тилеберди кызы 10 баласын Памирде төрөгөн.

«Анын сегизи жерге берилди. Ал жакта оорукана деген жок. Эптеп, кудай деп үйдөн апалар, эжелер төрөтүп алышат. Кышында төрөгөндө өтө эле кыйын болот. Балдарыбыздын айрымдары төрөлүп, эки-үч күн жашап чарчап калышса, кээ бирөөлөр 2-3 жашка чыгып калганда чарчап калышты. Кээде чарчап калган балдарымды ойлоп кайгырам. Бирок кудай бергенин кайра алды деп тынчып калам. Азыр улуу кызым Гүлсүн 18 жашка чыкты, Парвийна кызым 10 жашта. Кичинекейибиз Дүйшөнбекти 24-февралда Нарында төрөдүм. Мурун Памирде кыйналып эле төрөп жүргөм. Кичүү баламды бул жактан төрөп, кыйналган деле жокмун. Бул жакта төрөгөнгө чейин, төрөгөндөн кийин дагы дарыгерлер карап жатышты. Баарына ыраазычылык айтабыз, балдарыбызды окутуп, жашоо шартыбызды түзүп беришти.

Бирок бир жаман нерсеңер бар экен. Силерде баланы бойдон алдыртып, төрөбөй коюу деген бар экен. Биз баланы алдырбайбыз, бул чоң күнөө болот. Мага кудай берсе төрөй берем.

Азыр жолдошум, кайненем, кайын иним, анын келинчеги менен бирге жашайбыз. Келиним да былтыр бул жерден төрөгөн», - деп кошумчалады.

Памирлик кыргыз Абдулгафар Абдрасул уулунун жубайы Доолатбиби Тохтахун кызы да 30-майда Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүндө көз жарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×