Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 12.06.2019 16:37 На русском

Михайловканын тургуну М.Юсупов үй-бүлөсү менен айылдын стеласын орнотту

Turmush -  Түп районунун Михайловка айылына кирип бара жаткан жерге стеланы айылдын бир тургуну эле орнотуп койду, деди Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысы Тоту Юсупова.

Turmush басылмасынын кабарчысы стела орноткон жергиликтүү тургун Муратбек Юсупов менен таанышты. Өзүнүн айтымында, ал 1949-жылы Пржевальск-Пристань аймагында туулган.

«Мектепти бүткөндөн кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөдүм. Армиядан келгенден кийин Ташкенттеги геологдордун техникумун аяктап, беш жыл Ташкентте геологиялык чалгындоо кызматында эмгектендим. Андан кийин Орто Азиядагы, анын ичинде Кыргыз ССРиндеги геолог базаларда иштедим. Акыркы жылдары Пржевальсктагы жүк ташуучу автобазада айдоочу болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыктым. Жубайым Бурул Кыдыбаева менен 1975-жыл баш кошуп, 45 жыл бирге жашаган мезгилде 2 уул, 3 кыздуу болдук. 13 неберебиз бар, чөбөрө күтүп жатабыз. Бурул соода боюнча технолог болуп, пенсияга чыкканга чейин мен кайда барып иштесем, ошол жакта иштеп жүрдү.

Атабыз кайтыш болгондон кийин Михайловка айылына биротоло көчүп келгенибизге эки жыл болду. Каникул мезгилинде үйүбүз неберелерге толуп калат. Аларды көлгө, тоого алып барам. Негизи иштеп көнгөн адам бош тура албайт экен. Эки жылдан бери байкаганым Михайловка айылынын эли союз убагындагы жашоо-турмушка көнүп алышыптыр, өздөрүнүн өсүп-өнүп кете турган мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай жатканы өкүндүрөт.

Азыркы жаштардан үмүт этсе болот экен. Биз үй-бүлөбүз менен кеңешип, башкалардын сезимин ойготуу үчүн арка орнотолу деп чечкенбиз. Ага чейин эле 10 жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөр айылдарына аркаларды орното баштады. Биз ушул стеланы орнотууну чечтик.

Кыздарым, күйөө балдар, уул-келиндер Бурул экөөбүзгө жардам бермей болушту. Стеланын дизайнын Бурул экөөбүз үй-бүлөбүзгө, айылдын жаштар комитетине сунуштаганда алар бир добуштан колдоп кетишти. Ошентип 130 миң сомго курулган стела айылыбыздын көркүнө көрк кошуп калды», - деди Муратбек Юсупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×