Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Чүй облусуЧүй району 12.06.2019 15:56 На русском

Погончон айым: Жашыруун кагаздар менен иштеген Н.Мамбетказиева

Назгул Мамбетказиева
Назгул Мамбетказиева

Turmush -  Чүй облусунун 35 жаштагы тургуну Назгүл Мамбетказиева 11 жылдан бери милиция кызматында жашыруун кагаздар менен иштеп келет. Ок атуу боюнча мелдештерде алдыңкы орундарды жеңип келе жаткан каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 2006-жылы Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин лингвистика факультетин бүткөм. Кесибим боюнча лингвист. 2006-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Адистерди атайын даярдоо институтуна компьютердик классына оператор болуп орноштум. Ошол эле жылы күзүндө секретарь-референт жумушуна которулуп, 2017-жылдын август айына чейин иштедим. Тилекке каршы ал институт жоюлганына байланыштуу айылыма кетүүгө туура келди. Ат-Башыда жүргөндө институтта чогуу иштеген курбу кызым телефон чалып, «жумуш бар, келип иштебейсиңди» деп калды. Мен анда жумушсуз, бош жүргөм. Бош жүргөнчө иштей берейин деп кайра шаарга келдим. Ошентип 2008-жылдын февраль айынан баштап Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнө иш жүргүзүүчү болуп ишке орноштум. Жумуш тапкыча убактылуу иштеп турайын деп ойлогом. Бирок 2013-жылга чейин ушул жерден кетпей иштедим. Ортодо турмушка чыктым, балалуу болдук. 2013-жылы жашыруун иш кагаздар менен иштөө боюнча кенже инспектору деген жаңы кызмат орду киргизилгендигине байланыштуу аттестациядан өттүм. Милициянын старшинасы деген наам алып, Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт бөлүмүнө которулдум. 2013-жылдан ушул маалга чейин аталган бөлүмдө эмгектенип келем. Менин функционалдык милдеттериме жашыруун иш кагаздарын иреттөө, келген-кеткен каттарды каттоо жана башка ушул сыяктуу иштер кирет», - деди ал.

Назгүл айым бала кезинде милиционер болууну кыялданганы менен, кийин бул кесип боюнча билим алууга шарты болгон эмес. Бирок кыялы орундалган.

«Кичинекей кезимде форма кийген адамдарды суктанып карачумун. Менин таяке жагымда милиция кызматкери болуп иштегендер бар. Аларды көрүп, милиционер болгум келчү. Кийин чоңойгондо дарыгер же милиция кызматкери болом деп айта берчү элем. Бирок бул кесиптерди жогорку окуу жайдан алууга шарт болбой калды. Бирок буйрук экен, минтип форма кийип калдым. Мен кесибиме ыраазымын.

Чынында эле милиция кызматы аябай оор. Ошого карабастан үй түйшүгү менен жумушту чогуу алып кеткенге аракет кылам. Эртең менен саат 08:00дө жумушка келмей, кечинде шашкан бойдон балдарды бала бакчадан же мектептен алып, үйдү көздөй жөнөмөй. Үйгө барып тамак жасамай, балдардын сабагын окутмай жана башка иштерге жетишүүгө аракет кылам.

Мен аттестациядан өткөндөн кийин спорттук мелдештерден калбай катыша баштадым. Алсак, кол күрөш, дартс, аркан тартыш, биатлон, кичи калибрдүү винтовка менен ок атуу, Калашников куралы менен ок атуу боюнча мелдештерге катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келем», - деди ал.

Назгүл Мамбетказиева 1984-жылы 8-январда Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөн.

«Ата-энем азыркы учурда Бишкекте турушат. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчисимин: 3 кыз, 1 уул. Өзүм үй-бүлөлүүмүн. Жолдошум автоунаа оңдоп иштейт. Экөөбүздүн 1 уул, 1 кызыбыз бар. Бош убактымды пайдалуу колдонууга аракет кылам. Көбүнчө бош убактымды үй-бүлөмө бөлөм. Негизи китеп окуганды жакшы көрөм. Бир китепти окуп баштасам, аягына чейин окуп бүтмөйүнчө жаным тынбайт. Азыр кичине убактым тар болуп калганына байланыштуу китеп окуй элекмин. Бирок ошого карабастан телефонго китептерди көчүрүп алып, окуганга аракет кылам. Ошондой эле музыка укканды жакшы көрөм.

Азыр мен милициянын прапорщигимин. Ошондуктан менин максатым — офицер болуу. Тилегеним элге ак кызмат кылып, биздин милицияга колдон келишинче пайда келтирсем дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×