Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Нарын облусу, Нарын 12.06.2019 12:20

Нарында «Коопсуздук-2019» машыгуусу өткөрүлөт

Turmush -  Нарын облусунун аймагында «Коопсуздук-2019» биргелешкен командалык-штабдык машыгуусу өткөрүлөт. Бул тууралуу 11-июнда өткөн жыйында белгилүү болду.

Маалым болгондой, жыйын өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жыйындар залында өткөрүлүп, ага Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери, дубан башчысы Аманбай Кайыпов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Анда Куралдуу күчтөр, министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешип, 25-июндан 27-июнга чейин «Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизүү шартында аскердик башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын иш-аракеттери» деген темада «Коопсуздук-2019» биргелешкен командалык-штабдык машыгууну өткөрөрү белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×