Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Нарын облусу, Нарын 12.06.2019 10:03

Нарын шаарындагы коомдук жайларга 171 миӊ сомго видеокамералар коюлуп жатат

Turmush -  Нарын шаарындагы коомдук жайларга видеокамералар коюлууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул үчүн Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 171 миӊ сом бɵлүнүп, 15 видеокамера алынып, «Жашылдандыруу» ишканасынын жумушчулары тарабынан тиешелүү жерлерге орнотулуп жатат.

Буга чейин парктардагы инвентарларды талкалап, уурдап кеткен, бак-дарактарды, гүлдɵрдү сындырган жана башка кɵптɵгɵн жагымсыз жагдайлар болуп келген. Мындай шарт коомдук тартипсиздиктин алдын алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×