Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 12.06.2019 09:38 На русском

Ат-Башынын тургуну 37 топозун жана 5 жылкысын уурдатты

Акылбек Турдакунов
Акылбек Турдакунов

Turmush -  Ак-Сайда 37 топоз, 5 жылкы уурдалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мал ээси Акылбек Турдакунов билдирди.

Өзүнүн айтымында, аталган бодо малдар Ак-Сай өрөөнүндөгү Кароол-Дөбө аймагынан уурдалган.

«Малды Ак-Сай жайлоосуна чыгарабыз. Бул жайлоо Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу. Айыл өкмөт менен атайын келишим түзүп алганбыз. Акыркы жолу малыбызды санаганда 37 топоз, 5 баш жылкы жетпей калды. Өз алдыбызча иликтеп, бул бодо малдын ичинен 28 баш топоз, 5 баш жылкынын ар кандай жолдор менен 3 айдын аралыгында уурдалганын аныктадык. Айрымдарын союп, кээ бирин тирүү жүктөп кетишкен экен. Мунун баарын Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө билдирдик. Жоголгон малдын баары биздики», - деди ал.

Акылбек Турдакунов бул аймакта уурулар көп болуп жаткандыгын айтты.

«Карышкырды атса болот, бирок ууруну тыя албайт экенсиң. Уурулар семизин, чоңун уурдап жатат. Бул уурулук фактысына чек ара кызматкерлеринин катыштыгы бар болушу мүмкүн. Себеби, куралчандарды көргөндөр бар экен. Буга чейин чек ара кызматкерлери 2 чоң топозду атып, жыйынтыгында төлөп беришти», - деди ал.

Мал ээси кошумчалагандай, учурда малын баккан топозчу кайда экендиги белгисиз.

Акылбек Турдакунов 1993-жылдан бери мал чарбачылык менен алек. Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Суу айылында жашайт. Анын 60тай топозу, 15тей жылкысы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×