Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Талас облусуМанас району 12.06.2019 09:29

Айыл турмушу: Манастык чебер А.Медетбекова айылда тикмечилик кесипти аркалап жатат (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 33 жаштагы тургуну Алиса Медетбекова 4 жылдан бери буйрутма менен кийимдерди тигип сатат. Аймактык кабарчы иштүү айым менен таанышты.

Анын айтымында, Талас районунун Ак-Жар айылынын кызы. 2015-жылы Кызыл-Жылдыз айылына келин болуп келген.

«Чоң апам иштүү айым болчу. Шырдак, кийиз жасачу. Таенем дагы чапан, көйнөк тигип жүрчү. Өзүмдүн апам дагы иштүү болчу. Бирок ал элге билгизчү эмес. Эмнегедир мага сонун халат, шым, көйнөктөрдү тигип берип, «эч кимге айтпа» деп койчу. Азыр ошондо эмнеге эч кимге айтпа деп жашырчу болду экен деп ойлоп коём.

Өзүм окуп жүргөн кезимден бери эле кол өнөрчүлүккө жакын болчумун. Апамдын сандыгын ачып кездеме, андан кийин чоң энемдин кол машинасын чарбак жак менен уурдап келип, эч кимге айтпай өзүмө көйнөк тигип алчумун. Анда мен 7-класстын окуучусу болчумун. Апам мени бүлдүргүч деп урушуп калар эле. Көбүнчө апамдын кийимдерин да бүлдүрчүмүн. Атайын жинсы юбкасын бузуп, панама тигип кийгем. Ал убакта чоң класс болуп калгам. Анан кышкы баш кийим тиккем. Анда да апамдын булгаары курткасын бузуп салгам. Классташ кыздарым дагы апаларынын курткаларын буздуруп, баш кийим тиктирип кетишкен. Окшош болуп кийип чыгып калчубуз. Өзүм бийге кызыкчумун. Формаларды дагы тигип кийип жүрдүм. Мектепте өзүнчө эле дизайнер болуп жүрдүм. Азыр эстесем күлкүм келет. Апам эрте эле өтүп кеткен. Чоң апам «мени тартып иштүү болосуң» деп сүйүнө берчү. Кийин «кийим тигип үйрөнө бер» деп кол машинасын өзү эле берип калган.

Ошентип окууну бүткөндө Бишкек шаарына келип, тигүү ишканасында иштеп калдым. Көп нерсени үйрөнүп, 2011-жылы эл катары мен дагы Москвага иштегени бардым. Ал жактан да тигүү цехине жумушка орноштум. Жылдан жылга тажрыйба ала баштадым. Анан 2014-жылы дизайнер Яна Шевченко менен иштешип калдым. Ырчыларга, цирк кызматкерлерине да кийим тигип иштедим. Алардын иттерине дагы чокойлорду тигип жүрдүм.

2015-жылы турмушка чыктым. Жолдошум менин иштүүлүгүмдү колдоп, 50 миң сомго тигүү машинасын жана оверлок сатып берди. Алгач спорттук кийимдерди тигип жүрдүм. Айыл ичи болгондуктан биринен ири угуп эле буйрутма берип, тиктирип кеткендер көбөйдү. Азыр айыл ичинен буйрутма алып тигем. Кудайга шүгүр, кардарлар көп. Бир көйнөктү 500 сомго тигем. Эгер кыйын фасон болсо 700 сом болот. Кээде оңой болсо 350 сом болот. Куру эмес, жок деген 1 күндө 1 адам келет.

Атайын чакан цех ачып иштетсем дейм. Айыл ичиндеги колу жөндөмдүү кыз-келиндерге шарт түзүп берсем деген жакшы максатым бар», - деди ал.

Чебер айым 3 уул, 1 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×