Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Баткен облусуБаткен району 11.06.2019 22:28 На русском

Баткенде 3 жашар кыз үйүнүн короосунан өткөн каналдын суусуна агып каза болду

Turmush -  Бүгүн, 11-июнда Баткен районунун Самаркандек айылында 3 жашар кыз сууга агып каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Самаркандек айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, кырсык саат 13:30 чамасында болгон. Айылдагы суу кетүүчү каналдан эгин талаасына суу жайып жүргөн адамдар каналда агып бара жаткан кызды көрүп калышып, аны суудан алып чыгышкан. Аталган кыз Самаркандек айылынын 3 жаштагы тургуну А. кызы А. экендиги аныкталып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Наристе ойноп жатканда каналга түшүп кетип, 300 метрдей агып барган. Аны эч ким көргөн эмес.

Кыз октябрь айында 4 жашка чыкмак. Үй-бүлөдө алтынчы бала болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×