Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Баткен облусуЛейлек району 12.06.2019 16:53 На русском

Никесиз, өлүк ымыркай төрөгөн кыргыз кыздар: Б.Садиров Россияда каза болгон мекендештер тууралуу (сүрөт)

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну Белек Садиров 8 жылдан бери Россияда эмгектенип келет. Ал ар кандай себептер менен каза болгон кыргызстандык мигранттардын денесин Кыргызстанга жөнөтүү үчүн маркумдун туугандарына жардамдашат. Белек мырза Россиядагы никесиз төрөгөн кыргыз кыздары, ымыркайларга документ алуу жана каза болгон учурда жерге берүү сыяктуу көйгөйлөрдү аймактык кабарчыга айтып берди.

Белек Садиров Москва шаарында сулуулук клиникасынын күзөт кызматында иштейт.

«Соңку күндөрү өлүм менен байланышкан окуяларга аралашкым келбей калды. Себеби жүрөгүң ооруп, өлүмгө кайдыгер карап калат экенсиң. Өлүкканага киргенде поезддин астында калып жанчылып же мумия болуп калгандарды көрөсүң. Өлүмдөн коркпой каласың. Өлүктү мекенине тез жөнөтүү үчүн бир күндө бардык жумуштарды бүтүргөнгө аракет кылабыз. Кээде өлүккананын иштөө убактысы кыска болуп калган күндөрү ал жактагы кызматкерлерге акча берип, сүйлөшөбүз. Алар да кээде "өзүңөр ороп алгыла" деп, өлүктү оробой эле алып чыгып берип коюшат. Ушундай учурлардагы сезимди айтып бере албайм. Түрдүү себептерден улам каза болгон адамдардын жакындары өлүктү эптеп эле мекенине алып кетүүнү ойлошуп, кылмыш ишин козгоого каршы болушат.

Бир жолу 1987-жылы туулган баланы унаа сүзүп, анын буту сынып оорукананын сыныктар бөлүмүнө түшкөн. Ал жерден "жакшы болуп калды" деп Букинский ооруканасына которушкан. Бирок кийин өлүкканадан анын денесин таптык. Өлүмүнүн себебин сурасак ачык айта алышкан жок. Экспертизанын жыйынтыгы 1 айдан кийин чыгат деген, эч ким артынан түшүп, териштирген жок. Өкүнүчтүү, бирок айына үчтөн ашык киши каза болот. Туугандары жок, селсаяк болуп кеткендер жалпы көрүстөнгө коюлат. Ал эми жеке клиникаларда никесиз, өлүк төрөлгөн балдар көп (кыргызстандык мигранттар жөнүндө сөз болууда)», - дейт Б.Садиров.

Анын Бекназар жана Талант деген достору дагы жардам берип турушат.

«Денени Кыргызстанга жөнөтүүдө убакыттын тардыгы, өлүкканада иштегендердин акча талап кылышы, Москвадагы унаа тыгыны, маркумдун туугандарынын уруш-талашы көйгөйлөрдү жаратат. Маркумдун туугандарына "мүмкүнчүлүгүңөр болсо алып кеткиле, болбосо мусулмандардын көрүстөнүнө көмөлү, айырмасы 10-15 миң сом эле болот" дейм. Бирок көбү маркумдун денесин туулган жерине алып кетишет. Каза болгон адамдын Россияда туугандары жок болуп калса, алыскы эле туугандарына "сенин тууганың" деп кошо документ даярдап, маркумдун денеси менен салып жиберебиз. Айыл өкмөт, элчиликти карап отурбай эле, маркумдун айылдаштары, достору, кесиптештери болуп акча чогултуп жөнөтөбүз», - дейт Белек мырза.

Ал кыргызстандык кыз-келиндер Россияга ата-энеси же агасы менен гана барышы керек деп эсептейт. Себеби жаш кыздар никесиз төрөлгөн балдары чарчап калса, алардын сөөгүн кайда көмүүнү билбей, көп кайрылышат.

«2-3 ай мурда мага бир эже кайрылган. Үйүндө иштеп жүргөн 18 жашка чыга элек кыздын боюна бүтүп калган. Аны кыргызстандык жарандын жеке клиникасына алып барып төрөтүшүптүр, бирок бала өлүк төрөлгөн. Ал жактан колуна бир дагы маалым кат бербей, баласын колуна карматып, сыртка чыгарып коюшкан. Анан бизге "кайда көмөбүз?" деп кайрылыптыр. Мындай учурлар көп эле болот, бирок мен "тийиштүү документтер болсо гана жардам бере алам" дедим. Документи жок сөөктү эч жакка көмө алышпайт. Кийин кабар алган жокмун. Кыргыз мигранттардын арасында бири-бирин тоноп, кайдыгер мамиле кылгандар да кездешет. Кээ бирөө акчаңа карап мамиле кылат.

Бир таанышыбыздын иниси каза болуп калды. Оор абалда кыргыздар ээлик кылган ооруканага кайрылган, бирок ал жактан антибиотик менен гана дарылашыптыр. Абалы оорлоп, дагы бир кыргыздарга таандык башка ооруканага которушкан. Ал жактан дагы диагноз кое албай коюшкан. Анан тез жардам менен башка ооруканага алып барганда оорусу күчөп, дарылаганга кеч болуп калган экен», - деди Б.Садиров.

Белек мырза үч уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×