Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.06.2019 17:39

Ысык-Көлдө электр кызматкерлери арасында республикалык мелдеш өтүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусунда кыргыз энергетикасынын 85 жылдыгына карата электр кызматкерлери арасында республикалык кесиптик-чеберчилик мелдеши өтүп жатат, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, сынакта 4 команда күч сынашып жатышат.

Иш-чарага өлкөдөгү 8 ири энергетикалык компаниянын өкүлдөрү, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын жетекчиси Айтмамат Назаров, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, тармактын ардагерлери катышып, катышуучуларга ийгилик каалашты.

«Чыгышэлектр» ААКтын башкы директору Максат Чыныбековдун айтымында, мелдеште энергетиктер коопсуздук, токко илинип калган адамды куткаруу, биринчи жардам көрсөтүү, электр чубалгыларын оңдоо, электр тармагында өрт чыгуу маалындагы ыкчам иштөө жана сынак тапшыруу өңдүү 8 этап боюнча кесиптик таймашта күч сынашып жатышат.

«Мелдештин негизги максаты — тажрыйба алмашуу, кесиптин алдыңкыларын тандоо», - дейт М.Чыныбеков.

Үч күнгө созулган мелдештин жыйынтыгында 1-орунду ээлеген командага 1 млн 100 миң сом, 2-орунга 900 миң сом, 3-орунга 500 миң сом сыйлык тапшырылат.

Ошондой эле, жеңген команда КМШ өлкөлөрү арасында өтө турган сынакта өлкөнүн намысын коргойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×