Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Жалал-Абад облусу, Кербен 11.06.2019 16:54

Бир дагы унаасы жок Кербендеги автобекет эмнеге жабык турат?

Turmush -  Аксы районунун борбору Кербен шаарындагы автобекет бир дагы унаасы жок бош турат. Автобекеттин аймагы кенен болгону менен ал жерден аймактарга кетүүчү кичи автобустар дагы жок.

Кербен шаардык автобекетинин жетекчиси Капар Мырзамамытовдун айтымында, адамдар бул жерге барбагандан улам, алар жолдун четинде жайгашкан жайды автобекет катары пайдаланып келишет.

«Автобекет Кербен шаарынын борбордук бөлүгүнөн бир аз алыс жайгашкан. Ошол себептен автобекетке адамдар барбай жатат. Бир учурда автобекетке көчүп барганбыз. Бирок зыянга учурап, кайра бул жерге көчүп келдик. Бир дагы адам ал жерге барбай койду. Жол четинде соода кылгандарды базардын ичине көчүрүп, таксисттердин баарын автобекетке алып барса жакшы болот эле. Биз көчүп барганыбыз менен таксисттер барбай жатат. Биз быйыл 900 миң сом планыбыз бар. Ошол планды аткарышыбыз керек», - деди ал.

Кербен шаарынан 7 багыт боюнча кичи автобустар аймактарга кетүүчү адамдарды тейлейт. Мындан сырткары райондун ички багыттары боюнча дагы кичи автобустар каттайт. Кербен шаарындагы автобекетте 5 кызматкер эмгектенет. Учурда алар чакан 1 бөлмөдө аргасыз иштеп келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×