Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусу, Нарын 11.06.2019 16:45 На русском

«Ийнени каякка саясың?»: Медайым Тамара бир бейтаптын урушканын унутпайт

Turmush -  Тамара Акунова Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүндө медайым болуп 14 жылдан бери иштейт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул бөлүмгө келген бейтаптардын аягы үзүлбөйт.

«Бейтаптарга кан куябыз. Операцияларга жана башка иштерге катышабыз.

Өткөн жылы бир кичи автобус жол кырсыгына кабылып, ооруканага 30 киши түштү. Биз жетишпей урология, хирургия, кайра жандандыруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери келип жардам беришти. Ошондо 10 чактуу адам биздин бөлүмгө жатты. Калганы үйгө дарыланууга жөнөтүлдү.

Бизде кичинекей балдар деле жата берет. Кыйкырып-өкүрүп, ызы-чуу кылгандар болот. Бирок, баары бир ийне сайыш керек да. Алаксытып, кээде жалынып-жалбарасың. Чоң кишилерден деле өмүрү ооруканага жатып көрбөгөндөр деле болот. Өмүрү ийне албагандар да кездешет. Алар «ийнени каякка саясың?» деген суроолорду беришет», - деди ал.

Аларга орой мамиле жасаган бейтаптар дагы жок эмес.

«Бир жолу медайымдардын айлыгына акча кошулганда бир бейтап “силер милдеттүүсүңөр, көптүңөр” деген. Андан бери 2-3 жыл болуп кетти. Чындыгында медиктердин айлыгы аз. Стажы, категорияга каралат. Кээ бири ушул жерден айыгып чыгып жатам деп ыраазычылыгын билдиришет», - деди ал.

Тамара Акунова 45 жашта. Кардиологияда 8 жыл, ардагерлер бөлүмүндө 12 жыл иштесе, 2005-жылдан бери сынык-жаракат бөлүмүндө эмгектенип келет. Жогорку категориядагы медайым, «Нарын облусунун ардактуу айымы» наамынын ээси.

Үй-бүлөлүү, 2 кызы, 2 уулу жана 5 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×