Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Баткен облусуБаткен району 12.06.2019 09:08

Айыл турмушу: Баткендик Жооварали аксакал чырпыктардан себеттердин түрүн токуп сатат (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Сай айылынын тургуну Жооварали Намазов чыбыктардан себеттердин түрүн токуйт. Аймактык кабарчы уста аксакалдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, бул өнөрдү 30 жыл мурда үйрөнгөн. Бирок аны туруктуу түрдө пенсия курагында гана аркалап жатат.

«Бул өнөрдү бир устадан үйрөнгөм. 30 жылдан ашты. Бирок акыркы 3-4 жылдан бери колдонуп токуп келе жатам. Азыр бир отуруп жасасам 3 саатта бир нан себетти токуп чыгарам. Бул себеттерди ит мурундун чыбыктарынан жасайм. Аларды кошуналардан, өзүбүздөн алам. Күздүн аягынан жаздын алдына чейин чогултуп алабыз. Болбосо жалбырак чыгып калса токуганга тоскоол болот. Жалбыракты тазалоого көп убакыт кетет. Андыктан ошол учурда жыйнап, бош убагымда токуу менен алектенем.

Себеттерди кошуналар, айылдаштар алышат. Аялым базарга алып чыгып сатып келет. Бир себетти 200 сомдон сатат.

Себет токуунун да сезону болот. кышында бекерчиликте көп токуп коем. Эми пенсия курагымда бир чети пайдалуу жумуш, экинчиден ырахат алам. Азыр себеттен сырткары корзинкаларды, казанга капкактарды, турмуш тиричиликке керектүү буюмдарды жасайм», - деди Жооварали ата.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×