Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 20.06.2019 23:37 На русском

Айыл турмушу: Тамак жасагандан ырахат алган Н.Мамбеталиева 

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылдык бала бакчасынын ашпозчусу Нааркүл Мамбеталиева балдарга түрлөп тамак жасап берүүдөн ырахат алат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Нарын шаарындагы №87 кесиптик окуу жайында ашпозчулук боюнча билим алып чыктым. Балдарга күндө түрлөп тамак беребиз. Өзүмдүн ишимден ырахат алам. Алардын бири-бирине окшошпогон мүнөздөрү бар. Ар кимиси ар кандай суроолорду берип кетишет. “Бул тамак эмнеден жасалат, аталышы кандай? Эмнеге мындай?” жана башка кызыктуу суроолорду берип, көңүлдү көтөрүшөт.

Бир балага күнүгө 36 сомдун тамагы берилиши керек. Бирок 29-30 сомдун тамагын ичишет. 3 маал тамактанышат. Жемиштерди да аралаштырып беребиз. Түштө эки тамак салаты менен, 2 маал компот, эртең менен буламык же быштак берилет. Мүмкүн болушунча түрлөп берүүгө аракет кылабыз. 2 күнгө жеткидей нан бышырып коебуз», - деди ал.

Нааркүл Мамбеталиева 1971-жылы Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулган. Жолдошу экөө 5 баланы тарбиялап жатышат.

«Электр жарыгы өчкөндө биздин жумуш оорлоп кетет. Ал убакта тамакты газга бышырабыз. Бизге жакында эле грант аркылуу жаңы жабдыктар келди. 6 көздүү конфорка, 3 секциялуу нан бышыргыч, тамак таратуучу 3 стол, 40 литрлик самоор, 100 литрлик аристон, 3 көздүү идиш жуугуч келди. Мурда казан, меш алып келип бышырчубуз. Булар келгени жумушубуз жеңилдеп калды», - деди ал.

Ача-Кайыңды айылдык бала бакчасында 120 бала тарбияланат, ашканада эки ашпозчу иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×