Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.06.2019 15:46 На русском

Кара-Көлдө жардамга муктаж 43 үй-бүлөгө битир-садага таратылды

кара-куль
кара-куль

Turmush -  Кара-Көл шаарында Айт намазына чейин 43 үй-бүлөгө жардам берилди.

Маалым болгондой, чогулган битир-садаганын акчасына жардамга муктаж 43 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө 59 миң сомдук жардам таратылган. Ошондой эле, Токтогул районундагы карылар үйүнө дагы жардам берилет.

Мындан сырткары, шаардагы колунда бар атуул 150 миң сом зекетти (зекет - колунда бардар адамдын өзүнүн мүлкүнөн Алла Таала белгилеген (кырктан бир бөлүк) өлчөмүн кедей жана колунда жок адамдарга бөлүү) жардамга өтө муктаж 10 үй-бүлөнүн ар бирине 10 миң сом өлчөмүндө таратып берген. Ошондой эле эки тургундун бири 40 миң сом, экинчиси 3700 сом зекет беришип, ал акчаларды ден соолугу начар, операцияга муктаж жарандарга таратышкан.

Зекет, битир-садаганын жана жөнөкөй садаганын айрымасына имам Бектен ажы Керезбаев токтолду.

«Исламдагы 5 парздын бири — зекет берүү. Бул мусулмандар үчүн милдеттүү болуп саналат. Каалайбы же каалабайбы бериш керек деп айтылат шариятта. Эгер малдын эсеби жетсе, адамдар зекет берүүгө милдеттүү. Мисалы, 40 кой-эчкиси бар адам 1 кой же эчки зекет бериш керек. Ал эми уйга 30 башына бирден 1 жаштагы торпок берилет. Беш төөгө 1 кой берилет. Жылкы баласыныкы бир аз башкача. Базар баасы боюнча бааланат. Мисалы, базарда сатылган акчанын 2,5%ын зекет кылып бериш керек. Мындан сыркары алтын, күмүштүн жалпы салмагы эсептелип, 86 граммдан жарым грамм зекет берилет.

Ал эми акча менен берилүүчү зекет соодадан түшкөн таза кирешенин 2,5%ы зекетке берилиши керек.

Битир-садаганы орозо кармаган жана кармабаган адам дагы берет. Тамак-ашынан сырткары 25 сом акчасы бар адам битир-садага берүүгө милдеттүү деп эсептелет. Ошол муктаж эмес адам Рамазан айында битир-садаганы бериши зарыл.

Жөнөкөй садага ал ыктыярдуу болуп саналат. Мында адам өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө же каалоосуна жараша акчаны садага катары бере алат. Бирок бардык садагалар соопчулук үчүн жасалат. Мисалы, 10 сом садага берсе 100 эсе сооп болот, ошончо береке кайтат», - деди имам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×