Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ош облусу, Ош 11.06.2019 15:21

Ошто 3 курбуну бычактаган кыз үй камагына чыгарылды. Жабырлануучулардын абалы кандай?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында 3 курбуну бычактаган 20 жаштагы кыз үй камагына чыгарылды. Бур тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-июнь күнү шектүү — Сузак районунун 1999-жылы туулган тургуну К.Ж.нын бөгөт чарасы Ош шаардык сотунда каралып, ал 2 айга, тактап айтканда ушул жылдын 5-августуна чейин үй камагына чыгарылган. 20 жаштагы кыз Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде (Ээнбаштык) айыпталып жатат.

Сотто мамлекеттик айыптоочу жана шектүүнүн жактоочуусу К.Ж.нын буга чейин кылмыш жасабаганын, өздүгүн аныктаган документтери жана туруктуу жашаган жери бар экенин көрсөтүшүп, аны үй камагына чыгарууну суранышкан.

Ал эми Ош облустук ооруканадан бычакталган кыздардын абалы жакшы экенин билдиришти. Алардын бирөөсү бычактан алган жаракатын тиктирип, ооруканадан чыккан. Ал эми эки кыздын абалы туруктуу. Жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарылат.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында 3 курбуну бычактаган 20 жаштагы кыз 48 саатка камалганын жазган.

Милиция кызматкерлери бычактаган кызды жашынган батиринен кармап кетишкен. Ал Кара-Суу көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашынган. Г. аттуу күбө аталган көп кабаттуу үйдө суткага ижарага бериле турган ондогон батир бар экенин кошумчалаган. 3 жаш кызды бычактаган кыз дагы ижарага батир алган.

Окуя тууралуу:

5-июнда Ош шаарында 3 жаш кыз бычакталып, ооруканага түшкөн.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын маалыматы боюнча, аталган 3 кыз таңкы саат 5:00 чамасында ооруканага жеткирилген. Алар 1996-жылы, 1999-жылы жана 2000-жылы туулган кыздар экени белгилүү болгон. Алардын ичинен бирөөсүнүн санына, бирөөсүнүн балтырына бычак сайылса, бирөөсү көкүрөк тушка бычакталган.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын 1996-2003-жылдары туулган тургундары шаардагы кафелердин биринде түнкү саат 3:30га чейин курбусунун өтүп кеткен туулган күнүн белгилеп жатышкан (курбусунун туулган күнү 1-июнда болчу). Айрымдары спирт ичимдиктерин ичишкен. Ошол учурда 1996-жылы туулган кызга курбусу телефон чалып, тынчын алган. Анткени алар башка жакка барууну пландап коюшкан. Бирок 1996-жылы туулган кыз эч жакка барбай, кафеде отуруп алган. Анын кесепетинен өз ара кайым айтышуу болуп, кафеде отурган 8 кыз телефон чалган кыздын үйүнө такси жалдап барышкан. Ал эми 20 жаштагы кыз колуна бөтөлкө менен бычак көтөрүп чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×