Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
11.06.2019 15:21

Эл ичи — өнөр кенчи: 20 жаштагы Бактыяр кыргыз күрөшү боюнча ийгиликтерди жаратууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 20 жаштагы тургуну Кадырбек уулу Бактыяр 10 жылдан бери кыргыз күрөшү боюнча машыгып, ийгиликтерди жаратып келе жатат. Аймактык кабарчы балбан жигит менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда мелдештерге 66 кг салмакта чыгат.

«Кичинекей кезимде ата-энемдин каршылыгына карабай, айылдагы спорт залга машыкканы бардым. Алар «спортту коюп, сабак оку» деп көп урушчу. Бирок мен анысына караган жокмун. Көкүрөгүм эңсеген нерсени ишке ашыргым келди. Негедир кыргыз күрөштү кичине кезден жактырчумун. Сыналгыдан көрүп калсам өзүм күрөшүп жаткандай абалда болуп, өзүмдү элестетип кетер элем. Мен дагы кыргыздын сыймыктуу жигити болгум келчү. Эл мени дагы сыналгыдан көрүшсө деп тиленер элем. Жаштын тилегин берет деген чын экен. Айылдаштарым сыналгыдан көрүп жүрүштү (күлүп). Залга тынбай барып жүрүп жакшы деген натыйжа көрсөттүм. Акырындык менен килем үстүнө чыгып, күрөшө баштадым . Алгачкы учурларда аябай эле кыйналып жүрдүм. Кээ бир учурларда спортту таштап салгым келген учурлар болгон. Бирок аягына чыгып, ийгиликти багындырышым керек эле. Тырышып, болгон аракетимди жумшап, бирде ыйласам, бирде күлүп, кээ биринде жеңишке жетишсем, кээ бир күнү жеңилип жүргөн учурлар да болду. Бирок анын баары артта калды. Азыр баары өз нугу менен келип жатат. Буюрса дүйнө чемпиону болууга аракеттерди көрүп жаткан кезим. Ата-энем азыр мени менен сыймыктанат. «Убагында сага бекер эле каршы чыгыптырбыз» деп күлүп калышат.

Залга тынбай барам. Кичинекей балбан жигиттер мени менен сыймыктанып келишет. «Чоңойгондо сиздей болом» деп көп айтышат. Албетте аларга чын жүрөктөн ыраазы болом. Мен аларга үлгүү болушум керек», - деди ал.

Бактыяр балбан үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×