Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 11.06.2019 15:08

Түптүн медициналык кызматкерлери облустук манасиадада 1-орунду ээледи

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Сары-Ой айылында облустук саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин манасиадасы болуп өттү, - деди Түп райондук саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин командасынын капитаны Назгүл Кусеева.

Анын маалыматына караганда, 3 күнгө созулган бул мелдешке облус боюнча 11 команда катышып, спорттун 4 түрү, волейбол, кичи футбол, стол тенниси жана шахмат боюнча ат салышты. Командалар спорттук мелдештен тышкары маданий, көркөм өнөрлөрүн да тартуулашты.

Акырында облустук жаштар иштери жана спорт боюнча комитеттин калыстыгы менен жыйынтык чыгарылып, 23 упайдан топтогон 4 команда байгелүү орундарды алышты.

«Жыйынтыгында 1-орунду Түп районунун саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин командасы ээлеп, кубок жана 5 миң сом менен сыйлашты. Мындан тышкары волейболдон Түптүн кыздар командасы 1-орунду ээлеп, 2 миң сом жана кубок, эркектер командасы 2-орунду ээлеп, бир жарым миң сом жана грамота менен сыйланышты.

«Манасиаданын мыкты оюнчусу» наамына түптүк дарыгер Жанадилова ээ болуп, өзгөчө сыйлык менен сыйланды. 2-орунду Ысык-Көл облустук тиш дарылоо эмканасынын, 3-орунду облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, 4-орунду Ысык-Көл районунун командалары ээлешти», - деди Н.Кусеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×