Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусу, Нарын 11.06.2019 15:02

Нарындын көлчүгүндө ойногон америкалык бөбөктүн ичти элжиреткен видеосу

Turmush -  Акыркы күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, эл баскан көчөлөрдөгү аң-чөнөктөргө суу толуп, көлчүктөргө айланды.

Нарын шаарындагы кыргыз өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдында да жаан жааган сайын көлчүк пайда болууда. Аймактык кабарчы ал жерде ата-энеси менен жүргөн кичинекей чет өлкөлүк бөбөктү сүрөткө жана видеого тартып алган.

Видеодон кичинекей бөбөк көлчүктү ары-бери кечип, сүйүнүп, бактылуу болуп жүргөнүн көрүүгө болот. Ата-энеси да баласы жыргаса кошо жыргап, жаман сууга жыгылып, кийими суу болгонуна карабай аны эркин коё бергенин да көрүүгө болот.

Бул ата-эне турист катары Америкадан Нарын шаарына эки баласы менен келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×