Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 11.06.2019 15:01

«Караңгыда көрбөй калгам»: Ошто сейил бактагы тепкичтерди талкалаган айдоочу кармалды. Видео

Turmush -  Ош шаарында унаасы менен сейил бактагы тепкичтерди талкалаган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Айдоочу бүгүн, 11-июнь күнү кармалган. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Айдоочунун милицияга берген көрсөтмөсү боюнча, ал караңгыда тепкичтерди көрбөй калган. Ал келтирилген зыянды толугу менен төлөп бере турганын айтып, шаар тургундарынан кечирим сураган.

Буга чейин Turmush басылмасы жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан «Токтогул» сейил багында айдоочу унаасы менен тепкичтерди талкалаганын жазган.

«Сейил бактын кире беришиндеги жаңыдан оңдолгон тепкичтер талкаланды. Кыздарга өзүн көрсөткүсү келген жигит автоунаасын тепкичтен айдап түшүптүр. Ага каражат, мээнет кеткен болчу. Угушума караганда ал айдоочу эркиндикте жүрөт. Мыйзам алдында жооп берип, чыгымды төлөп бериши керек. Биз да көзөмөлгө алабыз», - деген мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы аталган окуя боюнча иликтөө иштери башталганын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×