Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Талас облусуТалас району 11.06.2019 13:54

Айыл турмушу: Таластык Н.Чойбеков айылдаштарынын тракторлорунан өйдө оңдоп, элине кызмат кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Балбал айылынын 38 жаштагы тургуну Нургазы Чойбеков айылдагы жалгыз механизатор катары ширетүүчү болуп элине кызмат кылат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул кесипти өз алдында өздөштүрүп алган.

«Бул айылда техникалардын жалгыз механизатору болуп эмгектенип келем. Айыл ичинде трактор дыйканчылыктагы негизги транспорт болуп саналат эмеспи. Ошондуктан элдер тракторго байланышкан көйгөйлөрү менен көп кайрылышат. Аларды күн-түн дебей оңдоп берем. Анткени тракторчу дагы нан таап, үй-бүлөсүнө алып барат. Кээде жумуш учурунда бузулуп калган болот. Андай учурда ошол жерге дагы барам. Билген нерсемди аянбастан көрсөтүп берем. Такай кайталанып бузула берген жерлери дагы болуп калат. Андайларды көрсөтүп коём. Трактордун ээси өзү оңдоп, айдап кете берет.

10 жылдан бери механизатор жана ширетүүчү болуп эмгектенип келем. Атайлап окуусун окуган эмесмин. Ушундай иштерге аралашып жүрүп өздөштүрүп алгам. 10 жылдан бери эл менен иштешип, ишеничин актайын деп эмне жасасам дагы сапаттуу жана бекем кылам. Турмуш өзү ушул иш менен алек болуума түрткү болду. Ширетүүчү аппарат болгондуктан талаа жумуштарына керектүү кетмен, күрөктөн бери, дарбазаларга чейин ширетип берип койчу деп келишет. Ушул жумушум менен үй-бүлөлүк киреше табам.

Дары сепкичтерди жасайм. Темирлерин сатып келип, үйдөн өлчөп-кесип, каалагандай кылып даярдайм. Азыркы кездеги сепкичтер 2-3 көздүү болуп бөлүнөт. Мен көбүнчө 2 көздүүсүн дарысы менен себе турганын жасайм. Мында бир убакта дан жана дарысын сээп, кардарга үнөм болот. Тракторум менен жер айдайм. Айдап себүү убагында эс алууга убакыт дээрлик жок болот. Анда 1 гектар жерди 10 литр солярка жана 500 сомго айдап берем. Быйыл аба ырайына карата себүү иштери кечирээк болду», - деди ал.

Уста 1 кыз, 3 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×