Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 11.06.2019 12:35 На русском

«Белибиз чурку болуп калды»: Кара-бүргөндүк дыйкандар 300 га аянтка сугат суусу жетпей жатканына нааразы

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылынын дыйкандары сугат сууга жетпей жатканына нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган айылдын түштүк тарабындагы Тай-Сарай, Чоң-Көк-Колот жана Кичи-Көк-Колот чөлкөмүндө жергиликтүү дыйкандарга тиешелүү 300 гектар аянт бар. 300 гектар аянт 40 түтүн дыйканга үлүш катары бөлүнгөн. Бул аянтка Жаман-Даван дарыясынан сугат суу алышат.

«Июнь болду. Бир тамчы суу көрө элекпиз. Бул жердегилер мал чарбасы менен алектенебиз. Ал эми малга тоют камдашыбыз керек да. Сугат суусу жетпесе тоют өсүмдүгүбүздү кантип өстүрөбүз? Чоңдорго айтып эле жатабыз. Бизди эч ким карабайт. «Кантип жатасыңар, эмне кылып жатасыңар?» деп эч кандай көңүл бурган жок. Жаман-Даван дарыясынан арык аркылуу суу алабыз. Техникабыз жок. Сууну арыкка колдун күчү менен араң салабыз. Астыбыз чурку болуп калдык», - деди дыйкандардын бири.

Ал эми 9 гектар аянты бар Ташыбек Максүтов буларга токтолду.

«Жай болду. Бир тамчы суу көргөн жокпуз. Кантип мал багабыз, кыштан кантип чыгабыз? Чоңдор келип бир көрүп кетишсе болот эле. Минтип тоют чөбүм өспөй, аянтым кургап калды. Жашайбызбы же жашабайбызбы? Бири жыргап жүрөт, экинчиси минтип ыйлап жүрөт. Жаман-Даван суусунун башынан Ак-Чийге суу бурулуп берилет. Бизге жетпей жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×