Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Чүй облусуАламүдүн району 11.06.2019 11:58 На русском

Марс Саккараев Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды

Turmush -  Саккараев Марс Намарбекович Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин бул кызматта Алтынбек Намазалиев иштеп келген. Ал өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып, мурунку кызматынан бошотулду.

Саккараев буга чейин Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп эмгектенген. 2015-жылы 27-апрелде өзүнүн каалоосу менен бул кызматынан бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×