Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 11.06.2019 11:43 Жаңыланды: 11.06.2019 12:13

Ала-Букадагы чек ара тозотунан качып кеткен аскер кызматкери кармалды

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу №2030 чек ара тозотунан аскердик милдетин аткарып жаткан жоокер качып кеткенин жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Жашоочулардын ырастоолорунда, кечээ, 10-июнда райондогу автобекетте жарандык формадагы бир топ адамдар унааларды текшерип, Ак-Там айыл аймагы тарапка пост коюлуп, издөө жүргүзүлдү.

«Ала-Букада эки, Аксыда эки пост коюлуп, жоокерлер ар бир унааны токтотуп, карап жатышты. Алар эч нерсе деп айтышкан жок, унаанын ичин карап, коё берип жатышты. Бүгүн посттор алынды, жоокер табылганы айтылып жатат», - дешти жергиликтүүлөр.

Кийинчерээк Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап: «Ала-Бука районундагы чек ара отрядында кызмат өтөп жаткан жоокер өз билемдик менен аскер бөлүктөн кетүүгө аракет кылган. Бирок ал Ала-Бука районунда кармалып, кайра аскер бөлүккө алынып келди.

Окуя боюнча Аскер прокуратурасына, укук коргоо органдарына маалымат берилди. Учурда жоокердин өз билемдик менен аскер бөлүктөн кетүүгө аракет кылгандыгынын себебин аныктоо боюнча иликтөө жүргүзүлүп жатат», - деп билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×